Кутуев Өмүрбек Алымбекович (17. 1. 1951-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Байгелди кыштагы) — милициянын генерал-лейтенанты (1998). Бишкектеги милициянын атайын орто мектебин (1974), СССР ИИМдин Караганда жогорку мектебин (1980) бүткөн. 1969—70-жылдары ички иштер органдарында кызматта, 1972—74-жылдары Кыргыз ИИМдин өрттөн сактоо башкармалыгында инспектор, 1974—81-жылдары Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер, кылмыш издөө бөлүмүндө инспектор, улук инспектор, 1981—91-жылдары Бишкек шаарынын, Свердлов, Ленин райондук ички иштер бөлүмдөрүндө начальниктин орун басары, начальник, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 1991—93-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө бөлүмүнүн, 1993—96-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1996—2000-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, 2000—03-жылдары Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү