Өмүрзаков Баатырбек - кыргыз маданият кызматкери. “Маданияттын мыкты кызматкери”. 1973-жылы 5-июнда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

Өмүр баяны түзөтүү

Билими түзөтүү

1990-жылы А.С.Макаренко атындагы орто мектепти, ошону менен катар Октябрь музыкалык мектебин, 1994-жылы Бишкек шаарындагы Муратаалы Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 2001-жылы Улутгук Консерваториянын 4 кылдуу домбра жана комузчу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу түзөтүү

1990-жылдан бери Улуттук Филармониянын артист-Кызматкери, ошону менен катар Нурдин Түгөлов атындагы “Ак-Марал” бий тобунда “Миң-Кыял” оркестринде солист, Бишкек шаардык Маданият башкармалыгынын алдында түзүлгөн “Доор” фольклордук ансамблинин негиздөөчүсү, ансамблдин солисти болуп эмгектенет.

1999-жылы “Улуу-жибек жолу жана азыркы учур” программасы боюнча Европанын баардык мамлекеттерине Кыргыздын каада салт жана эл аспаптарын таанытып, концерттик гастролдо жарым жылдан ашык убакыт кыдырып келген.

Эл аспаптары боюнча дүйнөлүк фестивалдарга катышып келет. 2003-жылы Москва шаарында болуп өткөн Кыргыз элинин маданият күндөрүнүн катышуучусу.

Президенттик стипендия алып окуган студенттердин катарына кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3