Өмүр (тасма 2022)
Өмүр (орус. Жизнь, англ. Life, каз. Өмір) — Режиссёр Эмир Байгазиндин драма жанрындагы көркөм тасмасы. Тасма 2022-жылы «Оскар» киносыйлыгынын «Чет элдик тилдеги мыкты тасма» наамына Казакстандын атынан көрсөтүлгөн[1].
Өмүр
| |
орус. Жизнь англ. Life | |
Жанры | |
---|---|
Режиссёру |
Эмир Байгазин |
Продюсери |
Эмир Байгазин |
Сценарийдин автору |
Эмир Байгазин |
Башкы ролдордо |
Эркебулан Тасынов |
Оператору |
Эмир Байгазин |
Композитору |
Ашат Манабай |
Кинокомпания |
Kazakh cinema |
Узактыгы |
175 мүнөт |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
Тасма Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин буйругу менен Улуттук кинематографияны колдоо мамлекеттик борборунун көмөгү менен тартылган[2].
Мазмуну
түзөтүүБашкы каарман олуттуу каржылык кыйынчылыктарга дуушар болуп, жигердүү жумуш издеп, кош бойлуу сүйлөшкөн кызына кам көрүүгө аракет кылат. Жубайлардын мамилеси бир топко солгундап, алардын келечекте бирге болуусунан күмөн жаралат. Башкы каармандын сүйлөшкөн кызы боюндагы балага жана Арман менен болгон мамилесине карата өзүнүн, чечимине өкүнө баштайт, ошондой эле Арман алкоголдук ичимдиктерден баш тарта албайт. Бирок Арман аны ар дайым баары жакшы болот деп ынандырат, ал өзгөргөнүн, эми алардын жашоосу жакында жакшы жакка өзгөрөөрүн айтат.
Ошентип Арман майрамдык иш-чараларды тасмага тартып, монтаждоочу компанияга жумушка орношот. Көп өтпөй ал компаниядагы иштеп жаткан бардык материалдар жоголуп кеткенине күнөөлүү болуп калат. Ага бардык материалдарды калыбына келтирүүгө же жоготуулардын ордун толтуруу үчүн акча табууга бир нече күн берилет[3].
Каармандарда
түзөтүүАктёр | Роль |
---|---|
Эркебулан Тасынов | ID ишкер Арман |
Карина Хурамшина | Армандын сүйгөн кызы |
Булактар
түзөтүү- ↑ Kazakhstan Submits Toronto Newcomer 'Life' for Oscars 2023. Qazaqstan Monitor (15-сентябрь, 2022).
- ↑ Казахстанский фильм «Жизнь» выдвинут на премию «Оскар». Эл орда. Текшерилген күнү 6 -март (жалган куран) 2024.(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Казахстанский фильм "Жизнь" выдвинули на премию "Оскар". Спутник. Текшерилген күнү 6 -март (жалган куран) 2024.
Шилтемелер
түзөтүү- Жизнь (англ.) Internet Movie Database сайтында
- "Жизнь" кинопоиск сайтында (орусча)