Өндүрүмдүү капитал - өнөр жай капиталынын иштеги формасы ж-a иреттүү айланышынын экинчи баскычы.

Жүгүртүү чөйрөсүндөгү акча жанa товар капиталынан айырмаланып, Өндүрүмдүү капитал өндүрүш тармагында гана пайдаланылат. Анын башкы иши - нарк жанa кошумча нарк жаратуу. Ал натуралай формасы жагынан өндүрүш каражаттарынан жана жумушчу күчүнөн турат. Наркты көбөйтүү ролуна карата туруктуу жана өзгөрүлмө, түрдүү элементтеринин жүгүртүлүшү боюнча негизги жана айланма болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.