Өндүрүмдүү эмгек - өндүрүлгөн продуктуга сиңирилген эмгектин бир түрү.

Бул эмгекке жумушчу күчүн кайта өндүрүү (воспроизводство) үчүн керектүү тиричилик каражаттарына кеткен убакыттан көбүрөөк убакыт сиңирилет. Өндүрүш жолунун кайсынысында болбосун Өндүрүмдүү тилек кошумча продукт жараткан эмгек болот, ал эми кошумча продукт өндүрүү бардык коомдук формациялардын материалдык негизин түзөт. Капитализмде Өндүрүмдүү эмгектин маңызы — кошумча нарк өндүргөндүгүндө. Ал эми кошумча нарк болсо пайда аркылуу көрүнөт. Ошондуктан Өндүрүмдүү эмгек пайда түзүүчү жалданма эмгек ката­ры жүрөт.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.