Өндүрүштүк тема — эл чарба тармагында эмгектенип жаткан адамдардын өндүрүштөгү иш-аракеттерин, ошол мүнөз индивидуалдаштырылат, конфликттер чечилет. М. Горький очерк «изилдөө менен баяндоонун ортосунда» жараларын белгилеп өткөн. Очерктин дагы бир өзгөчөлүгү — анын оперативдүүлүгү. Ар мезгилдин өзүнүн актуалдуу маселелерин көтөрүп чыгуу менен, көбүнчө газета-журналдар жазылат, бирок муну менен очерктин «окуу мезгили» өтүп кетет деп айтууга болбойт. М. Горький, И. Эренбург, М. Шолохов, В. Овечкин, Л. Леоновдун очерктери бүгүнкү окурмандарды да кадимкидей толкундатат. Турмуш көрүнүштөрүн сүрөттөп берүү жагынан очеркти — сүрөттөө, портреттик очерк, жол очерки, проблемалык очерк жана башка түрлөргө ажыратууга болот. Кыргыз адабиятында очерк жанры 20—30-жылдары пайда болуп, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде өзгөчө жаңы баскычка көтөрүлөт. А. Токомбаевдин «Тянь-Шандык чалгынчы», К. Маликовдун «Ленинград согуш күндөрүндө», «Алгыр», К. Жантошевдин «Чолпонбай», Ж. Бөкөнбаевдин «Украина мейкиндигинде», С. Сасыкбаевдин «Нурлан» деген очерктери жазылган. Азыркы кезде бул оперативдүү жанрда С. Сасыкбаев, Ч. Айтматов, С. Өмүрбаев, Ш.Абдыраманов, М. Абдукаримов, К. Жусупов өңдүү авторлор активдүү иштеп жатышат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү