Өнөктөштүк – англо-америкалык укук тутумундагы өлкөлөрдөгү соода шериктештигинин бир түрү. Анын түрлөрү: жоопкерчилиги чектелген Ө. ( partnership limited ) – континенталдык укук тутумундагы жоопкерчилиги чектелген шериктештикке окшош түрү; Ө. ( partnership ) – толук шериктештикке окшош түрү. Мындан тышкары, Ө. жөнөкөй шериктештик менен да айкалышып кетет (биргелешкен иш-аракет жөнүндөгү келишим ж. б.). Ө-түн мүнөздүү белгилери: капиталдын эмес, Ө. ишине катышууну көздөгөн Ө. мүчөлөрүнүн бирикмеси; уставга эмес, келишимге негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү