Өнөр жай курулмалары - өндүрүш процессинде белгилүү милдетти аткаруучу же технологиялык жабдууларды, сырьёлорду, коммуникацияларды ж. б. көтөрүп туруучу курулмалар. Өнөр жай курулмаларынын жүздөн ашык тиби жана түрү бар: коммуникация максатындагы курулмалар (тоннель, технологиялык коммуникациялар, энергия менен жабдуу тармактары ж. б.); транспорт курулмалары (жол өткөөлдөрү, жүк түшүрүү жана кран эстакадасы, конвейердүү галереялар); газ, суюк продуктуларды жана чубурма материалдар үчүн көлөмдүү чанак, суу газ менен жабдуу, желдетүү жана канализация системасындагы курулмалар (бункер, газгольдер, газ, нефть сактагыч, суу сактагыч мунара жана резервуар, чачыраткыч бассейндер, суу толтургуч жана тазалагыч курулмалар ж. б.); технологиялык жабдууларды жайгаштыруу жана таяныч түзүлүштөр (фундамент ж. б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү