Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 5—6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар бир катар болуп турушуп, оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин, тизелерин бүгүшүп. чочоюп отурушат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, катышуучулар өрдөкчө басышып белгиленген аралыктан тез өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи өрдөкчө басып келгени болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Чочоюп отуруп, секирип жүрүү эки тизе менен басуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Буйруктан мурда баштоого, туруп басууга, аралыкты толук басып өтпөй коюуга бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Адегенде буттардын булчуңдарын жумшартып, кыймылдатып алгандан кийин киришсе болот.

Оюндун мааниси түзөтүү

Күч, ийилчээктик, чыдамкайлык Калыптанат, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү