Өрдөк (бакмa) (Anas domestica) — каз сымалдар түркүмүндөгү, эң байыркы сууда сүзүүчү жана учуп жүрүүчү үй кушу. Ал Азия, Европа, Түн. Африка, Америка аймактарында кезигүүчү жапайы өрдөктөн тараган. Моюну орт. узундукта, башы сүйрүрөөк, тумшугу кызгылтым-күрөң же саргыч күрөң, бир аз дөмпөк. Эт, эт-жумуртка же жумуртка-эт жана жумуртка багытындагы породалары бар. Өрдөктөн алынуучу негизги продукция эт. Эт, жумуртка берүүчүлөрү анча чоң эмес, элпек кыймылдуу тукумдар. Эт багытындагылары чоңураак келип, денеси тоголок, булчуңдуу болот. Өрдөктүн кайырмасынын салмагы 3,0-4,0 кг, соносунуку 2,5-3,5 кг. Биржылда 90-130 жумуртка тууйт. Өрдөктүн жумурткасы негизинен балапан чыгаруу үчүн колдонулат. Өтө чыдамкай канаттуу болгондуктан, бардык климатта өстүрүүгө, көбөйтүүгө болот. Өрдөккө аралаш тоют берилет. Эт багытындагы өрдөк суусу жок эле кургак жерде, жем, кум жана иче турган гана суу берип, 50-60 күн атайын үй куш фабрикаларында багылып, союлат. Бул убакта союлган өрдөктүн салмагы 2,5-3,0 кгга жетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү