ӨРМӨЧҮЛҮК (өрүмчүлүк) — ат жабдыктарын узануудагы элдик эски ыкмаларынын бири.
Бул көркөм кол өнөрчүлүгүнүн татаал түрүнө кирет. Мунун негизги жердиги бир гана кайыш жана көк болот. Өрмө буюмдарын жасоонун маңызы көзгө илээшпеген көктүн тал-тал ичке тегиз жана өтө кылдат тилүүсүндө болуп саналат. Ошол тилим талдар бир жеринен үзүлбөсө, өрүмү кооз чыкса, бул өрмөчүлүктү аныктайт. Өрүм кайыш менен көктү тилишке да байланышат.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)