Өрт өчүргүч - өрт өчүрмө каражаттын жардамы менен өрт өчүрүүчү аппарат. Өрт өчүргүчтүн конструкциясы пайдаланылуучу затка жана аны кысуу ыкмасына жараша болот. Ал сыйымдуулугу 1-100 дм3 болуп, ичиндеги өрт өчүргүч каражаттарын ашыкча басымдын күчү менен атырылтып жиберме насадкалуу цилиндр формасындагы идиш. Өрт өчүргүч эки типке туруктуу басымдуу же туруксуз басымдуу (иштегенде түзүлүүчү) болуп бөлүнөт. Биринчи типтеги өрт өчүргүчкө басым менен жалаң өрт өчүргүч каражаттар же «жумуш аткаргыч» кошумча газ (мисалы, аба, азот) кошо толтурулат. Экинчи типтеги өрт өчүргүчтө басым жардамчы баллондогу «жумуш аткаргыч» газ менен же өрт өчүргүч каражаттарынын курамындагы химиялык заттардын ортосундагы реакциянын натыйжасында пайда болот. Өрт өчүргүч каражаттар катары көмүр кислотасы, химиялык жана аба-механикалык көбүктөр, галлоиддешкен углеводород, күкүм, суу колдонулат[1].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. От өчүргүчтөрдүн түрлөрү жана алардын өзгөчөлүктөрү. Текшерилген күнү 20 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 20 -август (баш оона) 2021.