Өрт өчүргүч автомобиль - өрт чыккан жерге өрт өчүрүүчү кишилерди, өрт өчүргүч каражаттарды жанa жабдууларды жеткирүучү авто­мобиль.

  • Өрт өчүргүч автомобиль. негизги, атайын жана жардамчы болуп айырмаланат. Негизгиге автоцистерна, кол на­сосу бар автомобиль, автонасос, на­сос станциясы, газ-суу, аба-көбүктүү жанa күкүм менен иштөөчү ж. б.; ата­йын Өрт өчүргүч автомобильге тех., штабдык, байланыш, автомобиль, өрт шатысы; жардамчы Өрт өчүргүч автомобильге жалпы максаттагы автомобиль (май жеткиргич машина ж. б.) кирет.
  • Өрт өчүргүч автомобиль өрт чыккан жерди суу, аба-мех. көбүк, газ-суу, аба-көбүк менен камсыз кылат, түтүн таратат жанa дубалдарды тешүү, жaпa чеккендерди ташуу ж. б. жумуштарды аткарат.
Өрт өчүргүч автомобиль

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.