Өсүмдүктүн суу режими - өсүмдүк орга низминдеги анын негизги физиологиялык процесстеринин (өсүү, зат алмашуу, көбөйүү) ишке ашырылышын камсыз кылуучу буу алмашуу. Суу өсүмдүктөрдүн бардык органдарынын курамдык бөлүгү. Ал клеткада (кабык, протоплазма жана клетка ширеси) суюк, ал эми клеткалар аралык көңдөйлөрдө — буу түрүндө болот. Өсүмдүк түрүнө жана анын органдарына, абанын салыштырма нымдуулугуна, температурага, топурактын нымдуулугуна жана жаан-чачындын өлчөмүнө жараша өсүмдүк клеткасындагы суу 70-80 же 90-95% ке чейин жетет. Өсүмдүк клеткасындагы суунун жетиштүү болушу андагы тургорду камсыз кылат. Өсүмдүктүн суу режими өз ара тыгыз байланыштуу 3 процесстен түзүлөт: 1) суунун жана анда эриген заттардын топурактан өсүмдүк тамырына өтүшү; 2) суунун тамыр, сабак, өзөк аркылуу жалбыракка ж. б. органдарга жылышы; 3) суунун жалбырак аркылуу атмосферага бууланышы. Өсүмдүк сууну топурактан тамыр түктөрү аркылуу сиңирет. Суунун сиңирилишине жана жогору жылышына транспирация да катышат. Тамыр басымы менен транспирациянын күчү биригип, 20-25 атмга. чейин жетет. Өсүмдүктөр суу режиминин өзгөчөлүгунө жараша ксерофиттер, суккуленттер, гигрофиттер, гидрофиттер, мезофиттер болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү