Өсүмдүктүн өсүү фазалары

Өсүмдүктүн өсүү фазалары - уруктун өнүп чыгышынан өсүмдүктүн бышып жетилип, куураганга чейинки өсүү баскычтары.

Өсүмдүктүн сырткы түзүлүшүнүн өзгөрүшү ички өсүү белгилеринө байланыштуу келип, ар фазада өзүнчө бир орган пайда болот. Өсүмдүктүн өсүү фазалары түрдүүчө. Бир жылдык өсүмдүктөрдө мис., дан өсүмдүктөрдө өнүү, чыгуу, түптөнүү, түтүктөнүү, машак байлоо, гүлдөө, дан алуу жанa бышып жетилүү фазалары. Көп жылдык даракта — бүчүрдүн көбүшү, жалбырак жанa гүл бүчүрүнүн ачылышы, гүлдөө, мөмө байлашы жанa бышышы, жалбырак түшүү, кышкы тыныгуу мезгили. Өсүмдүктүн өсүү фазалары өсүмдүктүн түрүнө, сортуна жанa вегетация мезгилине байланыш­туу. Өсүмдүктүн өсүү фазалары жөнүндөгү плим фенология, ал эми ар бир өсүү фазасы фенофаза деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.