Өсүмдүк менен айбанаттын кышташы

Өсүмдүк менен айбанаттын кышташы - суук, мелүүн жанa субтропиктеги өсүмдүктөр менен айбанат­тардын кыш мезгилиндеги тиричилиги.

Өсүмдүктөр кыштын суук шартына түрдүүчө ыңгайланышат. Кышында бардык өсүмдүктөрдүн тиричилик процесси (өсүү, дем алуу ж. б.) акырындайт.

Көп жылдык чоп өсүмдүктөрү, жер алдындагы органдары (түймөк, пияз-түп, тамыр-сабак ж. б.), бир жылдык чөптөр урук абалында кыштайт. Жаз келори менен алардан жаңы өркүн өсүп чыгат. Дарак жанa бадалдардын жалбырагы кыш алдында түшөт да, буулануу азаят, алардын жазгы-кышкы суукка чыдамдуулугу артат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.