Өсүмдүк өстүрүүчүлүк - агрономиянын бир бөлүмү. Айыл чарбанын негизинен өсүмдүк продукциясын өндүрүүчүлөр үчүн айдалма өсүмдүк өстүрүүчү негизги тармагы; ошондой эле жапайы өсүмдүктөрдү өстүрүү, өсүмдүктөрдөн көп түшүм алуу жөнүндөгү илим. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк калкты азык-түлүк, өнөр жайды сырьё, мал чарбасын тоют менен камсыз кылат. Ал табигый илимдер жана мал чарбачылыгы менен тыгыз байланышта. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк талаачылык, бакчачылык, жашылчачылык, мөмөчулук, токойчулук, гул өстуруучулук ж. б. болуп бөлүнөт. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн илимий негизин түзүүдө швейцариялык ботаник Ж. Сенебье, Г. Мендель, Росеия окумуштуулары A. Н. Энгельгардт, Д. И. Менделеев, В. В. Докучаев, К. А. Тимирязев, Н. И. Вавилов, И. В. Мичурин ж. б. илимпоздордун салымы чоң. Кыргызстанда өсүмдүк өстүрүүчүлүккө Ж. Акималиев, Н. Карабаев, К. Эргешова ж. б. салым кошкон. Азыр өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча окумуштуулардын алдында төмөндөгүдөй милдеттер турат: айыл чарба өсүмдүктөрүн классификациялап, алардын биологиялык жана экол. өзгөчөлүктөрүн аныктоо; жаңы сортторду (гибриддерди) чыгаруу жана аларды илимий негизде райондоштуруу; чарбалык жактан баалуу өсүмдүктөрдү байырлаштыруу; техниканын өсүшүнө байланыштуу өсүмдүк өстүрүүнүн технологиясын иштеп чыгуу ж. б. Классификациялоонун негизин түзгөн өндүрүштүк белгилерге (өсүмдүк өстүрүүдөгү максат жана өстүрүүнүн ыкмалары) жараша айыл чарба өсүмдүктөрү төмөндөгүдөй чон топторго бөлүнөт: дан өсумдуктөру, түймөгү жана тамыры азык өсүмдүктөр (картошка, кант кызылчасы, сабиз, брюква ж. б.); май өсумдуктөру; эфир майлуу өсүмдүктөр (кориандр, анис, зире, жалбыз ж. б.); булалуу өсүмдүктөр (гозо, зыгыр, кенеп, жут, рами ж. б.); алкалоиддуу өсумдуктөр; тоют өсүмдүктөрү (судан чөбү, конок, чумиза, райграс, жер буурчак, беде ж. б.); бакча өсумдуктөру. Өсүмдүктүн төмөнкү биологиялык өзгөчөлүктөрү үчүн изилденет: вегетация мезгилинин узактыгы; өнүп-өсүү ыргагы; вегетация жана морфогенез фазаларынын ырааттуулугу; тамыр системасынын өсүү динамикасы; зат алмашуусу; суу жана азыктануу режимдери; суукка, ысыкка, кургакчылыкка чыдамдуулугу ж. б. өсүмдүк өстүрүүчүлүктөгү илимий жетишкендиктерди текшерүү жана аларды өндүрүшкө киргизүү үчүн чарбаларда тажрыйба жүргүзүлөт. Өсүмдүк өстүрүүчүлүкбоюнча эл аралык симпозиум, илимий-методикалык кеңешме ж. б. иш-чаралар өткөрүлүп турат. Кыргызстанда өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча илимий-изилдөө иштерин Кыргызстан дыйканчылык ИИИ, КР УИА, КУАУ ж. б. илимий мекемелер ишке ашырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү