Өсөр гүлдүүлөр (Crassulaceae) - өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классындагы тукуму.

Бадалча же бир, эки жанa көп жылдык чөп. Жалбырактары калың, ширелүү, жөнөкөй. Гүл коргону эки катар, туура түзүлүштүү, 2 жыныстуу же 2 үйлүү. Топ гүлү калкандай чатырчадай, шыпыргыдай, машактай. Желекчелери жана чөйчөкчө жалбыракчалары 4—7 айрым бөлүктүү. Мөмөсү — жалбыракча. Жер жүзүндө 1300, (Кыргызстанда 20дай) түрү кездешет.

Өсөр гүлдүүлөр республикабызда өрөөндөрдөн бийик тоолорго чейин өсөт. Кээ бир түрү кооз. Вегетация жолу менен көбөйөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.