Өткөрмө куту — кыймылдын багытын же ылдамдыктын баскычтуу өзгөрүшүн аткаруучу көп звенолуу механизм. Өткөрмө куту бардык транспорттук жана технологиялык машиналардын конструкцияларынын курамына кирет Өткөрмө кутунун конструкциясы анын арналышына, машинаны пайдалануу мүнөзүнө, кыймыл өткөрүүнүн которуу ыкмасына жараша болот. Өткөрүүнү өзгөртүү ыкмасы боюнча сыйгалануучу тиштүү блок (муштумчалуу жана тиштүү муфталар), синхрондуу тиштүү жана фрикциялык муфталар, токтоткуч (тормоздор), эркин жүрүүчү муфталар болуп бөлүнөт. Өткөрмө куту ичинен күймө кыймылдаткычтуу автомобилдин жетелөөчү дөңгөлөктөрүндө, транспорт каражаттарынын кыймыл өткөргүчтөрүндө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү