Өтө муздоо - затты башка фаза­лык абалга тең салмактуу өтүш температурасынан төмөн температурада муздатуу.

Өтө муздатылган зат туруксуз, метастабилдүү абалда, мис., кайноо температурасынан төмөнкү температурада газ абалында же эрүү температурасынан төмөнкү температурада суюк абалда болу­шу мүмкүн. Көбүрөөк Өтө муздоодо бир кыйла жогорку температурага мүнөздүү бол­гон структуралуу бир аз туруктуу абалды алууга болот. Өтө муздоо процесси болотту сугарууда, айнек ж. б. материалдарды алууда байкалат. Өтө муз­датылган буу иондошкон нурларды каттоодо колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.