Өтө ысытуу
Өтө ысытуу
- 1) берилген басымда суюктукту кайноо температурасынан (чекитинен) жогору ысытуу же катуу кристалл заттарды фазалык өтүш болтурбастан (структурасын өзгөртпөстөн) фазалык өтуу температурасынан жогору ысытуу. Өтө ысытылган зат туруксуз, метастабилдуу абалда болот. Эрүү мезгилинде кристалл заттарды Өтө ысытууга болбойт, себеби эрүү учурунда зат жутуучу жылуулук анын кристалл торчосундагы атомдордун (иондордун) өз ара байланышын узүүгө сарпталат.
- 2) Бууну берилген басымда каныгуу температурасынан жогору ысытуу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.