Өт баштыгы - өт чогулуучу орган. Өт баштыгы миксина, минога, көпчүлүк балык жана куш, жерде-сууда жашоочуларда бар. Кишинин өт баштыгы алмурут же жумуртка формасында болуп. уз. 10-14 см, туурасы 3,5-4 см, көлөмү 40—50 мл. Өт баштыгынын өткөөлү менен боордон өттү алып чыгуучу өткөөл биригип, жалпы өткөөлдү түзөт да, ал он эки эли ичегиге кирет. Боордон чыккан өт боор өткөөлү аркылуу өт баштыгына жыйналат. Тамак жегенде мезгил-мезгили менен өт баштыгынын булчуңу жыйырылып, өт он эки эли ичегиге куюлуп турат.

Өт баштыгы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү