“Ак шоола” үлгүлүү балдар ансамбли

"Ак шоола" балдар хорунун көркөм жетекчиси — Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлмира Эсенгулова.
Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси "Ак шоола" балдар хору.
Кыргызстандын «Ак Шоола» балдар хору «Астана жылдыздары» эл аралык фестивалында 1-орунду жеңди Кыргызстандан барган «Ак Шоола» балдар хору «Астана жылдыздары» эл аралык фестивалда 1-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Кыргызстандын Композиторлор союзунан маалымдашты. Фестиваль Астанада (Казакстан) 4-январдан 7-январга чейин өтүп, ага катышкан кыргызстандык таланттардын катарында 7 жаштан 18 жашка чейинки 40 катышуучу болду.