“Алтын Кыз”-кыргыз элинин көрүнүктүү чыгармалардын бири. Улуттук көркөм сөз өнөрүнүн жетишкендиги катары Ж. Бөкөнбаевдин бул драмасы кыргыз адабияты менен 1939-ж. Москвада өткөн декадасы учурунда чоң борбордун театр сахнасында коюлуп, орустарга тартууланган “Алтын Кыз” өз мезгилинин туундусу. Анын негизги коомдук эки күчтүн – совет бийлигине, колхоз түзүлүшүнө жан-дили менен берилген эмгекчилер, алардын Чынар, Жапар, Кузнецов сыяктуу өкүлдөрү менен жаңы түзүлүштүн ортосундагы күрөш түзөт. Анда карама-каршылыктын курч берилиши музыкалык драманын талабына ылайык ыр, бий, оюн, хор басымдуу. Сюжеттин курулушу да кызыктуу. Ал өз ичине белгилерди да камтыйт. Буларга кошумча драманын тексти кооз, чечен речитативдерге, көтөрүңкү тирадаларга, аллитерацияга карк ыр саптарга, шурудай тизилген сулуу уйкаштарга, жорго сөздөргө, макал-ылакаптарга, толгон. Сюжеттин борборунда турган алтын кыз – Чынардын образы революциянын, жаңы коомдук түзүлүштүн кыргыздын байыркы жеринде кандай саясий, рухий-нравалык натыйжаны жараткандыгын айгинелеп турат. Чынар совет бийлигинин тушунда тарбияланып өскөн кыз. Ал жаңы түзүлүштү, өзүнүн советтик мекенин чын жүрөгү менен сүйөт, партиянын ишинин акыйкаттыгына, колхоздун элге бактылуу турмуш берерине бекем ишенет. Өзүнүн бараткан жолунун тууралыгына кылчалык шек санабайт. Чынардын образы кыргыз адабиятына совет доордун жаңы кызынын жалпыланган бейнеси катары кирген. Өз мезгилинде “Алтын кыз” кыргыз көрүүчүлөрүнүн арасында чоң кызыгууну жаратып, популярдуулукка ээ болгон.

Колдонгон адабият: түзөтүү

Шериев Абдулазиз .Кыялбеков Асанбай.

А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994