.bh
.bh — Бахрейн үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
.bh | |
Telecommunications Regulatory Authority of Bahrain logo.png | |
Киргизилген жылы | |
---|---|
Домендин тиби | |
Макамы |
иш үстүндө |
Каттоочу уюм | |
Уюштуруучу |
Бахрейндин телекоммуникациялык жөнгө салуу органы |
Багыты |
Бахрейн менен байланышкан объектер |
Колдонулушу |
Бахрейнде кеңири колдонулат |
Каттоодо болгон жолтоолор |
Экинчи деңгээлдеги домендер 2022-жылдын май айынан[1] бери эл аралык каттоо үчүн ачык, ал эми үчүнчү деңгээлдеги домендердин аталыштары жергиликтүү жактардын катышуусун жана соода лицензияларын талап кылат |
Маңызы |
Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот |
Документтер | |
Карама-каршылыктарды чечүү | |
Веб-сайт |
Тарыхы түзөтүү
.bh домени биринчи жолу 1994-жылы Бахрейн университетинин компьютердик борборуна тапшырылган. 1999-жылы домен Бахрейн Телекоммуникациялык Компаниясына өткөрүлүп берилген жана ошол убактан бери бул орган уюштуруучу бойдон калууда[2].
2002-жылы телекоммуникациялык жөнгө салуу органы түзүлгөн, 2008-жылы Бахрейндин телекоммуникация министри бул органды .bh жогорку деңгээлдеги улуттук домендин каттоочуусу катары бекиткен[3].
Экинчи деңгээлдеги домендер түзөтүү
Экинчи деңгээлдеги домен | Багыты |
---|---|
.com.bh | Бизнес чөйрөсү үчүн. |
.cc.bh | Бизнес чөйрөсү үчүн. |
.biz.bh | Бизнес чөйрөсү үчүн. |
.net.bh | Телекоммуникация жана IT кызмат көрсөтүүчүлөрү үчүн. |
.org.bh | Уюмдар, клубдар же кайрымдуулук уюмдары үчүн. |
.edu.bh | Билим берүү мекемелери үчүн. |
.info.bh | Маалымат берүү кызматтары үчүн. |
.med.bh | Медициналык кызматтар үчүн. |
.name.bh | Жеке жактар үчүн. |
.me.bh | Жеке жактар үчүн. |
Шарттары түзөтүү
Домендик аталыштарды каттоо Бахрейнде расмий катталган юридикалык жактар (б.а. коммерциялык жана коомдук уюмдар, ошондой эле мамлекеттик органдар) же Бахрейнде өкүлчүлүгү бар чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү. Домендик аталышты каттоо үчүн Batelco компаниясынын хостинг кызматтарын колдонуу керек.
Баасы түзөтүү
Каттоо акысы - 15 бахрейн динары; техникалык тейлөө үчүн ай сайын акысы - 3 $ бахрейн динары[4].