50Бронхоаденит (бронх жана грекче aden без) – бронх бездеринин сезгениши. Аны көп учурда туберкулёз микробдору, өпкө менен бронхтун сезгениши жана кээ бир жугуштуу оорулар пайда кылат. Туберкулёздон болгон бронхоадениттин өтүшү оорулуунун жашына, сезгенген бездерге жана организмдин сезгичтигине байланыштуу. Без азыраак сезгенсе оору байкалбай өтүшү мүмкүн, ал эми күчөгөндө оорулуунун эти ысып, алы кетип, кургак жөтөл пайда болот. Өзгөчө балдар катуу жөтөлөт, кээде көк жөтөлгө окшошот. Айрым учурда негизги оору менен катар моюн, колтук бездери чоңоюшу мүмкүн. Бронхоаденит рентген жана башка анализдер менен аныкталат. Дарылоо антибиотик жана химиотерапия, кээде операция жолу менен жүргүзүлөт. Ооруну алдын алуу үчүн туура тамактануу, таза абада болуу, жугуштуу оорулардан сактануу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү