Aнкep бекиткич, штангалык - кен казууда тоотек массивине бекитилген темир, темир-бетон, айрым учурда жыгач өзөкчө. Aнкep бекиткичтин негизги элементи - узундугу 0,7-3 м келген металл анкер (штанга). Ал бургуланган шпурга киргизилип, шынаа, кергич бөрк жана гайка менен бекитилет. Кен казууда темир-бетон анкери колдонулганда шпурга болот зым арматурасы орнотулуп, ага кум-цемент аралашмасы толтурулуп жасалат. Aнкep бекиткичтин жардамы менен тоотектердин бошураак катмары бир кыйла чың катмарга ныкталып жабыштырылганда, ал урабай бекем болуп калат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1