Aуcкультация (лат. auscultatio - тыңшоо) - адамдын органдарынан (өпкө, жүрөк, кан тамыр жана башка) чыккан добушту тыңшоого негизделген дарыгерлик изилдөө ыкмасы. Биздин заманга чейинки 2-кылымда грек дарыгери Аретей жүрөктү 1-жолу тыңшаган, ал эми француз дарыгери Р. Лаэннек (1819) стетоскопту (медициналык түтүк) колдонуп, ауcкультация методун иштеп чыккан. Дени соо адам дем алганда өпкөдөн өзгөчө добуш угулат. Ал эми өпкө жана бронх сезгенгенде нымдуу же кургак кырылдаган добуш чыгат. Жүрөктүн кадимки добушунун өзгөрүшү же андагы шуулдоо жүрөктө түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет. Кан тамырлар артериялык кан басымын өлчөөдө тыңшалат. Курсакты түздөн-түз (денеге кулакты такап) же кыйыр (стетоскоп же фонендоскоптун жардамы менен) тыңшап ичеги-карындын жыйрылуусун, ошондой эле жатындагы баланын жүрөгүнүн сокконун аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1