AIESEC - жаш адамдын лидерлик жана кесипкөй потенциалын ачып өнүктүрүү, коомго оң салым кошуу максаты менен түзүлгөн студенттерди жана жакын арада бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдү бириктирген эл аралык жаштар уюму. AIESECтин мүчөлүгүнө дүйнөнүн 126 өлкө жана аймактан болгон 70 000ден ашуун жаш жараны кирет. Ошондой эле, уюм 2 400дөн ашуун жогорку окуу жайлары менен кызматташат. Жыл сайын 24 000 студент ар кыл долбоорлорду же шаардагы/өлкөдөгү уюмдун бөлүмүн жетектеп лидерлик тажрыйба алууда, андан башка 23 000 студент эл аралык алмашуу программаларына катышат.

AIESEC
АЙСЕК

Ураан: Тынчтык жана адам потенциалын (дараметин) өнүктүрүү

Мүчөлүк:

70 000+ киши

Өлкө:

126

Уюмдун түрү:

Коммерциялык эмес

Ырасмый тили:

Англис

Негизделген
Жан Чоплин (Франция), Бенгт Шёстранд (Швеция) жана Альберт Кантельхалер (Германия)

1948-жылы

Роттердам, Нидерланддар

AIESEC тажрыйбасын 1948-жылы уюм түзүлгөн учурундан бери бир миллиондон ашык адам алды.

Аталышы кантип чечмеленет түзөтүү

AIESEC (“айсек”, - деп айтылат) башталышында “Association Internationale des Étudiants en Sciences Économiques et Commerciales” (Экономика жана Башкарууну Окуган Студенттердин Эл Аралык Ассоциациясы) деген аббревиатурасы болгон. Эми болсо акроним эмес, бирок өзүнчө уюмдун аталышы катары колдонулат.

AIESEC уюмунун мүчөлөрү өзүн өзү “айсекер” (айсекчи) деп аташат.

Ким башкарат түзөтүү

AIESECтеги иш-аракеттердин бардык аспектилери 30 жашка чейинки студенттер жана жакын арада бүтүргөн бүтүрүүчүлөр тарабынан башкарылат. Уюмдун жетекчилиги жыл сайын шайланып өзгөрүлүүдө.

Ал эч кандай саясый алдын-ала белгиленген же расмий кабыл алынган көз караштарга жана артык көрүүлөргө ээ эмес.

Уюм туунду эмес же анын дагы бир башка органдардан көз карандылыгы жок, бардык чечимдер жана иш координациясы өз алдынча жүргүзүлөт.

Баалуулуктары түзөтүү

  • Мыктылыкка умтулуу: "Биз кылып жатканыбыз бардык нерселер эң жогорку сапатта болушуна аракеттенип жатабыз. Креатив жана инновация жардамы менен биз тынымсыз өнүгүп өсүүдөбүз."
 
Уюмдун урааны

Striving for Excellence: "We aim to deliver the highest quality performance in everything we do. Through creativity and innovation we seek to continuously improve."

  • Бүтүндүк: "Биз ырааттуубуз жана иш-аракеттеги чечимдерди ачык-айкын бөлүшөбүз. Биз милдеттерибизди аткарабыз жана ушундай жол менен өзүбүздүн концепциябызды кɵргɵзɵбүз."

Demonstrating Integrity: "We are consistent and transparent in our decisions and actions. We fulfil our commitments and conduct ourselves in a way that is true to our vision."

  • Лидерликти өнүктүрүү: "Биз үлгү менен жетектейбиз жана башкаларды өнүктүрүү үчүн толук жоопкерчиликти алуу, иш-аракет жана натыйжалары менен лидерликке шыктандырабыз."

Activating Leadership: "We lead by example and inspire leadership through action and results, taking full responsibility for developing others."

  • Туруктуулук: "Биз уюмдун жана коомдун туруктуулугу менен иш-аракетке жол баштайбыз. Биздин чечимдерибиз кийинки муундардын керектөөлөрүн эске алат."

Acting Sustainably: "We act in a way that is sustainable for our organisation and society. Our decisions take into account the needs of future generations."

  • Ырахат алуу: "Биздин мүчɵлɵрүбүзгɵ дем-күч берүү үчүн аларга ыңгайлуу жана динамикалуу чɵйрɵнү жаратабыз."

Enjoying Participation: "We create dynamic and welcoming environments which stimulate active and enthusiastic participation by our members."

 
Балуулуктары
  • Ар түрдүүлүк: "Биз ар кандай жашоо ыкмасынан жана көп маданияттуу чөйрөдөн сабак алууга умтулабыз. Ар бир жигер адамдын салым кошуусун урматтайбыз."

Living Diversity: "We seek to learn from the different ways of life and opinions represented in our multicultural environment. We respect and actively encourage the contribution of every individual."

Cтруктурасы түзөтүү

Уюм 126 өлкөдөгү жаштар менен башкарылган Улуттук Комитеттерден түзүлөт. Алардын ар бириси өз өлкөдөгү Жаштар Программаларын башкарып жергиликтүү жаштарды алар менен камсыз кылышат. Ошонун бардыгы өнөктөштөрдүн, ыктыярдуулардын, мүчөлөрдүн жардымы менен ишке ашырылат. AIESECтин дүйнөлүк, улуттук жана жергиликтүү өнүгүшү ар бир комитетине багынычтуу.

"Жаштар менен жаштар үчүн жетектелген. Жаш күчүн, тажрыйбага негизделген окуу менен өнүгүүнү, чоң жоопкерчиликти жана мыкты колдоону бириктирсек – улуу идеялар орун алат."

"Led by youth for youth. When you put together youth energy, experiential training and development, big responsibilities and a lot of empowering support – great things happen."[1] Archived 2017-01-19 at the Wayback Machine

AIESEC дүйнөлүк деңгээлде кантип башкарылат? түзөтүү

AIESEC дүйнөлүк комитетин Роттердам шаарында жайгашкан 21 жаш адам тарабынан баардык комитеттер көзөмөлдөнөт.

Алардын бир жылдык мөөнөтүк планы комитет мүчөлөрүн түзүүгө алып келет жана жалпы максатка жетүү үчүн 5 жылдык орто максаттык планы уюштуруучуларга терең жайылтууну аракет кылышат.

AIESEC улуттук деңгээлде кантип башкарылат? түзөтүү

Улуттук Комитеттер берилген территориядагы же өлкөдөгү бир нече Локалдык Комитеттердин жумушун башкарат жана координациялайт.

Ошондой эле, бул Комитеттер жыл сайын өтүлүүчү 500дөн ашык AIESEC тренингдеринин жана конференцияларынын өтүлүшүн камсыздайт.

AIESEC жаштар программасына ким көмөктөшөт?

Дүйнө жүзүндө 70 миңден ашык мүчөлөрү шаарларда жана университеттерде жергиликтүү комитеттердин негизинде иштешет. Жергиликтүү Комитет ар кандай программаларды түзүү менен ыктыярчыларга жумуш таап берүү жана практика өтүүсүн камсыз кылат. Жергиликтүү мүчөлөр жеке жана профессионалдык тажрыйба топтошот. Алар жогорку окуу жайын бүтүргөнгө чейин башкаруу жана лидерлик сапатын жогорулатуу менен чоң тажрыйбага ээ болушат. Студенттер башкаруу стратегиясын түзүп бизнес план иштеп чыгышат. Улуттук жана Дүйнөлүк Комитеттер AIESECти жакшыртуу максатында программа жана долбоорлор аркылуу иш жүзүнө ашырышат.

Өнөктөш уюмдар AIESEC менен кантип иштешет? түзөтүү

AIESEC жаштар менен жолугушуу жана биргеликте иштөө мүмкүнчүлүгүн сунуштоо менен эл аралык талантын жана мүчөлөрүн колдоо үчүн миңдеген компаниялар жана уюмдар менен иш алып барууда.

Дүйнөлүк өнөктөштөрүнүн санында уюмдун көз караштарын колдогон жана жаш лидердик моделин өнүктүрүүгө жардам берген компаниялар, эл аралык бейөкмөттүк уюмдар бар.

Өнөктөштөр AIESEC менен эл аралык программалар жана Youth to Business деген форум сыяктуу бир нече ишчаралар аркылуу иштешет. AIESEC дүйнөнү такшалган жаштар менен камсыз кылууга умтулат.

Тарыхы түзөтүү

Уюм 1948-жылы Бельгия, Дания, Финляндия, Франция (Жан Чоплин), Голландия, Норвегия жана Швециядан (Бенгт Шёстранд) 7 өлкөнүн студенттери менен түзүлдү. Алгач максаты Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки элдер жана улуттар арасындагы достук мамилелерди өнүктүрүү болчу.

 
Грекиядагы AIESECтин 60-жылдыгы

1955-жылы AIESEC кеңсеси Жакынкы Чыгыш аймагында ачылды - европалык эмес өлкөнүн кириши биринчи жолу, - ошондой эле Грекия кирди. Ошол эле жылы AIESECтин алкагында биринчи жолу 1000 киши эл аралык алмашуу тажрыйбасын ала алышты.

1967-жыл. Жыл сайын такшалмалардын саны көбөйүүдө, жылына 4500гө жетти, а бирок ылайыктуу долбоорлорду табуу процесси татаалдашты. Ошон үчүн, IBMдин колдоосу менен Массачусетс Технологиялык Университетинин студенттери автоматикалык системаны ишке ашырууга башташты.

1977-жылга 6 континенттен 50 өлкө AIESECке толук мүчө болуп кирди.

1984-жылы эл аралык алмашуулардын саны жылына 5 000ден ашты.

1989-жылы уюмдун жаңы миссиясы "Тынчтык жана адам потенциалын (дараметин) өнүктүрүү" болуп жарыяланды.

2005-жылы эл аралык конгресстин мүчөлөрү көбүрөөк жетишкендикерге ээ болуш үчүн мөөнөттүү максат коюуну сунушташты. 2010-жылга чейин жылына 10 000 такшалма ишке ашырылыш керек деген максат коюлду.

2008-жылы уюмдун бирдиктүү аныктамасы жарыяланды: "AIESEC глобалдык, саясий эмес, көз карандысыз, коммерциялык эмес, студенттер жана жакын арада бүтүргөн бүтүрүүчүлөр тарабынан башкарылган уюм."

2010-жылы алмашуулар мурун болуп көрбөгөн санга жеткенден кийин, уюмдун мүчөлөрү кайрадан жолугуп, эми "AIESEC 2015" деген көрүнүштү түзүшөт.

2011-жылдын аягына чейин 18 000ден ашуун эл аралык алмашуулар 110 өлкө жана аймактан болгон 60 000 мүчөсүнүн жардамы менен ишке ашырылды.

2014-жылы акыркы (2013-жылдын) отчётуна ылайык AIESECке 124 өлкө жана аймак кирет. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча уюмдун 70 000 кызматкерлери тарабынан иштетилген 26 000 эл аралык алмашуу ишке ашырылууда.

AIESECтин бүтүрүүчүлөрү: Билл Клинтон, Гельмут Коль, Александр Квасьневский, Дзюнъитиро Коидзуми, Марио Монти, Кофи Аннан ж.б.

1989-жылы AIESEC СССРде ачылды.

Программалар түзөтүү

Global Talent (Кесиптик тажрыйба алуу) түзөтүү

Global Talent - жаш адамдарга эл аралык иш тажрыйбага ээ жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуусуна мүмкүндүк берет. Толугу менен жаңы чөйрөдө болуп, идеяларды жаратуу, өзүнө жана дүйнөгө жоопкерчилик алууга, күчтүү жактарын белгилеп, жаңы чечимдерге басым жасап, жергиликтүү жана дүйнөлүк деңгээлде бар маселелерди чечүү үчүн башкаларды шыктандырып дем үйрөтөт.

Негизги чөйрөлөр: түзөтүү
  • Маркетинг

Маркетинг куралдары иш жүзүндө кандай иштейт, изилдөө аркылуу иштеп чыгып, маркетинг стратегиясын ишке ашырыңыз. Жаңы эл аралык рынокторуна чыгууга, бизге жардам бериңиз.

  • Окутуу

Англис тилин окутууда, бир жаңы айлана-чөйрөдө, өз ара чыгармачылык адамдар менен башкача бир жаңы тажрыйба алыңыз. Үйрөтүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнүп, дүйнөнү бир аз жакшыраак кылыңыз.

  • Маалымат технологиялары

Компаниянын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн, өзүңүздүн техникалык билимиңизди иш жүзүндө пайдаланыңыз. Желе өнүктүрүү, мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу, программа иштеп чыгуу сыяктуу багыттар боюнча иш жүргүзүңүз. 

Программанын шарттары: түзөтүү
  • Узактыгы

 3 айдан 18 айга чейин.

  • Программа камсыздайт

Өлкөнүн жашоо минимумунан төмөн эмес эмгек акы берилет.

Кабыл алуучу өлкөдө бериле турган турак-жай жана тамак-аш белгилүү бир долбоорго жараша.

  • Катышуучу тараптан

15.900 ⊆ өлчөмүндөгү административдик төлөм, виза чыгымдар, учуу чыгымдары, камсыздандыруу, ишканага жараша жумуш уруксат чыгымдары.

Катышуучуларга карата талаптар: түзөтүү
  • Жашы

18 жаштан 30 жашка чейин.

  • Англис тили

Upper – Intermediate жана Advanced деңгээлдери.

  • Билими

Тандалган тармактагы жогорку билим.

  • Абал

Кээ бир өлкөлөрдө критерийлер боюнча студенттик статусу болушу керек.

Жаңы жолду баштоо үчүн 4 кадам: түзөтүү
  • Каттоо

Opportunity Portal боюнча катталыңыз. Профиль толугу менен толтурулганын караңыз. Катталып жатканда сөзсүз номуруңузду көрсөтүңүз.

  • Издөө

Порталдагы долбоорлор менен таанышып, кызыкдар долбоорго катталыңыз.

  • Интервью

Кабыл алуучу өлкө менен маектешүү.

  • Сыноо

Порталдан Leadership Development Assessment (Лидерликти Өнүктүрүү Сыноосу) өтүп, мүчөлүк төлөмдү берсеңиз, такшалмага чейинки семинарга катышууга даярсыз. 

Global Entrepreneur (Глобалдык ишкер) түзөтүү

Глобалдык ишкер (Global Entrepreneur) - стартаптагы профессионалдык тажрыйба алуу программасы.

Global Entrepreneur – бул ишкер лидерлердин чет өлкөдөгү стартаптарда тажрыйба алуу менен өнүгүү үчүн болгон демилге. Программа дүйнөлүк стартаптарда интенсивдүү профессионалдык тажрыйба камсыз кылуучу кыска мөөнөттүк такшалма. Такшалманын багыттары: IT (информациялык технология), маркетинг, графикалык дизайн жана соода.

Программанын шарттары: түзөтүү
  • Мөөнөтү

6 – 12 жума.

  • Программа камсыздайт

Жашоо шарты кабыл алуучу тараптан камсыздалат, тамактануу стартаптын шартына көз каранды.

  • Катышуучу тараптан

11900 ⊆ административдик төлөм, виза алуу чыгымы, учуу билеттери, медициналык коргоо (страховка).

Катышуучуга болгон талаптар: түзөтүү
  • Жашы

18 жаштан 30 жашка чейин.

  • Англис тили

Upper – Intermediate жана Advanced деңгээлдери.

  • Статус

Кээ бир өлкөлөрдүн критерийлерине жараша "студент" деген статус.

Жолуңуздун башталышына 4 кадам: түзөтүү
  • Катталуу

Opportunity Portal-да катталып, профилин толугу менен толтуруусун көзөмөлдөйт. Каттоодон өтүп жатканда сөзсүз телефон номери жазылышы керек.

  • Издөө

Порталдан долбоорлорду карап, кызыктырган такшалмага катталат.

  • Интервью

Кабыл алуучу тарап менен интервью өтүлөт.

  • Сыноо

Порталдан Leadership Development Assessment (Лидерликти Өнүктүрүү Сыноосу) өтүп, мүчөлүк төлөмдү берсе, такшалмага чейинки семинарга катышууга даяр.

Get involved on campus (Уюмдун мүчөлүгүнө кирүү) түзөтүү

Бүтүрүүчү чыныгы дүйнөгө даяр түзөтүү

AIESECтин бир бөлүгү болуу бул - глобалдык деңгээлде ойлонгон жаш лидерлердин массалык коомчулугуна биригүү. Өздөрүнүн потенциалын өсүшүн каалаган адамдар башкаларга салым кошуу менен жогорку даражага жете алышат. Тажрыйба алуу жана комфорт зонадан чыгуу аркылуу ийгиликке жетүүнүн ачкычтарын үйрөнө алышат.

Тайпа мүчөсү болуу менен башта түзөтүү

AIESEC тайпасына ыктыярдуу мүчө болуу менен изилдөө кызматыңды башта. Сиздин тайпага киришиңиз менен тез арада AIESECтин программаларын ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик берилет.

AIESEC менен күн сайын чуркап, жигердүү катышууда сиз байланыштар тармагын өстүрүп, пикир алышуу жана бизнес жүргүзүү ыкмаларын иштеп чыгасыз.

Команда лидери катары башкаруу түзөтүү

Адатта, бир жыл ичинде жергиликтүү AIESEC менен ыктыярдуу түрдө иш алып барып Лидерлик ролго ээ болосуз. Бара-бара тажрыйбаңыз өсүп туруп Улуттук кызматка да ээ боло аласыз.

AIESECтин миссиясын аткарууда болгон күчүңүздү жумшайыз жана чоң жоопкерчиликти өз колуңузга аласыз. Жеке ишкерлер менен байланыш түзүп жетекчилер арасында өзүңөрду таанытууга мүмкүнчүлүк аласыз. Ошондой эле баалуу тажрыйбага ээ болуп, татыктуу башкаруучу сыйлыгына ээ болосуз.

Кыргызстандагы AIESEC түзөтүү

Кыргызстандагы AIESEC Элина Вагнердин демилгеси менен 2005-2006 –ж.ж демилгелүү 5 адамдан турган тайпа аркылуу башталган. 2006-жылы 30-мартта, Кыргыз Республикасында AIESEC коомдук бирикме катары катталган. Ошол убактары уюмдун курамын 20га жакын адам түзүп, 3 ЖОЖ менен шериктештик түзүлгөн. Кыргызстандагы AIESEC жалпы уюмдун мүчөсү болуп, расмий түрдө 2007-жылы Польша, Россия жана Казакстан мүчөлөрүнүн колдоосу менен уюшулган. Бирок активдүү өсүүсү 2009-жылы байкалган. Кыргызстанда алгач AIESEC уюмунун улуттук жана локалдуу комитеттери гана түзүлгөн. Ал эми бүгүнкү күндө Кыргызстанда AIESEC толук түрдө иштеп, Бишкекте 4 локалдуу комитет, алардын ар бири 10дон шаар ичиндеги ЖОЖдорду камтыйт. Ош шаарында локалдык комитет түзүү иш-аракеттери пландалып, азыркы учурда Нарын, Каракол шаарларында жаңы демилгелүү тайпаларын түзүү пландалууда.

Шилтемелер түзөтүү