Amazon.com, Inc. - ошондой эле Amazon (Амазон) деген ат менен белгилүү болгон Американын электрондук соода жана булут эсептөө компаниясы. Ал Вашингтон штатынын Сиэтл жергесинде жайгашкан жана 1994-жылы 5-июлда Жефф Безос тарабынан негизделген. Технологиялык алп жалпы жүгүртүү жана базар капиталдаштыруусу боюнча дүйнөдөгү эң ири интернетке негизделген чекене сатуучу. Amazon.com онлайн китеп дүкөнү катары иш баштап, кийинчерээк DVD дисктерди, Blu-ray'лерди, CD'лерди, видео жүктөмөлөрдү/агымды, MP3 жүктөмөлөрдү/агымды, аудиокитеп жүктөмөлөрдү/агымды, программалык камсыздоо, видео оюндар, электроника, кийим-кече, эмерек, азык-түлүк, оюнчуктар жана зер буюмдарды сатуу боюнча тармагын кеңейткен. Ошондой эле, компания керектөөчү электроникалык буюмдарды, Kindle электрондук окугучтарды, Fire планшеттерди, Fire сыналгыны, Echo'ну өндүрүп чыгарат. Ал дүйнөдөгү эң чоң булут инфраструктурасын камсыздоочу (IaaS жана PaaS) болуп саналат. Amazon өзүнүн AmazonBasics аттуу үй брендинин астында USB зымдар сыяктуу белгилүү бир арзан буюмдарды дагы сатат.

Amazon.com
URL

amazon.com

Коммерциялыкпы?

ооба

Сайттын түрү

интернет-дүкөн

Катталуу

бар

Жеткиликтүү тилдер

англисче , орусча, португалча, испанча, корейче, жапончо ж.б

Ээси

Жефф Безос, The Vanguard Group и BlackRock

Автору

Жефф Безос

Ачылган күнү

1994

Учурдагы абалы

Иштейт (Активдүү)

Amazon Америка Кошмо Штаттары, Бириккен Падышалык, Ирландия, Франция, Канада, Германия, Италия, Испания, Нидерланддар, Австралия, Бразилия, Жапония, Кытай, Индия жана Мексика өлкөлөрү үчүн өзүнчө чекене соода сайтка ээ. Ошондой эле, Amazon айрым продукциялары үчүн белгилүү бир өлкөлөргө эл аралык жеткирип берүү жагын сунуш кылат. Германиянын Amazon сайтында 2016-жылы голланд, полша жана түрк тилдери дагы кирген.

Amazon 2015-жылы базар капиталдаштыруу жагынан Walmart'тан озуп, АКШдагы эң кымбат сатуучу болуп калган. Amazon дүйнөдөгү төртүнчү баалуу коомдук компания болуп саналат; киреше жагынан дүйнөдөгү эң ири интернет компания жана Америка Кошмо Штаттарындагы сегизинчи эң ири жумуш берүүчү ишкана. Amazon 2017-жылы Whole Foods Market'ти жыл аягына чейин 13.4 млрд АКШ долларына сатып алуу планы бар экенин жар салган. Бул физикалык сатуучу катары Amazon'дун ордун бир топ эле жогорулатат. Бул сатып алуу айрымдар тарабынан физикалык дүкөн катары Walmart'ка чакырык таштоо аракети катары чечмеленген.

Тарыхы түзөтүү

Тышкы шилтемелер түзөтүү