Android Nougat (иштеп чыгуу учурундагы коддук аталышы Android N) ― Android операциондук тутумунун жетинчи негизги нускасы. Алгач 2016-жылдын 22-мартында алфа сынама нускасы катары жарыкка чыккан Nougat расмий түрдө 2016-жылы 9-майда колдонууга берилген. Анда Nexus жаңыртууларды кабыл алган биринчи түзмөк болуп калган. LG V20 Nougat нускасы менен жарык көргөн биринчи смартфон болгон.

Nougat операциондук системге жана аны өнүктүрүүгө олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага бир нече колдонмолорду бир эле убакта ажыратылган экранда көрүү, эскертмелерге ошол эле жерден жооп жазууну колдоо жана экран өчүк кезде белгилүү бир убакытка чейин энергия үнөмдөөчү "Доза" режиминин кеңейтилиши кирет. Андан тышкары, бул платформа OpenJDK'га негизделген Java чөйрөгө өтүп, API жасаган Vulkan графикасын колдогон жана ошондой эле колдоого алынган түзмөктөрдө "туруктуу" системдик жаңыртууларды алган.

Nougat оң сын-пикирлерге ээ болгон. Жаңы колдонмонун эскертме форматы белгилүү бир мактоого татыса, ал эми көп тараптуу интерфейс оң өзгөрүү катары каралган, бирок баалоочулар ыңгайсыз колдонмолорго туш болушкан. Сынчылар Доза энергия үнөмдөөчү режими боюнча бир беткей тажрыйба алышкан эмес, бирок ылдам орнотулган колдонмолор менен колдонуучу интерфейсиндеги "жымсалдагычтар" дагы оң баа алган.

2017-жылдын 8-августуна карата, Google Play'ге жеткилик алган түзмөктөрдүн 13.5% Nougat'та иштейт, анын 10.6% Android 7.0дө иштесе, 0.9% Android 7.1де иштейт.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү