Audi (Ауди) - Audi бренди астында унааларды чыгарууга адистешкен Volkswagen Group курамындагы немис автомобиль компаниясы. Штаб-квартирасы Инголштадт шаарында (Германия) жайгашкан. Урааны — «Ворспрунг дурч техник». 2016-жылы өндүрүштүн көлөмү болжол менен 1 903 259 унааны түздү.[1]

  • Негизделген жылы – 1909
  • Штаб квартирасы – Ингольштадт, Германия
  • Бир жылда акча айлантуу өлчөмү – 27 миллиард 378 миллион евро (2009)
  • Кирешеси – 30 миллиард евро (2009)
  • Девизи – “Техникалардын мыктысы”

Тарыхы түзөтүү

“Ауди” компаниясы 1909-жылы Август Хорьх тарабынан негизделген. Хорьх 1868-жылы 12-октябрда Германияда төрөлгөн. Кичинесинен эле тетиктерди ар кандай оюнчуктан өйдө көргөн ал көптөгөн конструктордук бюролордо иштөөгө жетишкен. Кызыгы, эч бир иште көпкө кармалчу эмес. Анткени башкалар менен пикир келишпестик мүнөзү бар эле. Бирок анын автомобиль куруу талантын эч ким тана алган эмес. Ошол мүнөзүнөн улам ал 1904-жылы негизделген бюросундагы акционерлер менен пикири келишпей, өзү түптөгөн “Хорьх» компаниясынан айрылган. Ал кайрадан жаңы компания ачууга аргасыз болот.


1909-жылы унаа куруучу жаңы компания ачып, немисче «хорьх» (немис тилинен кыргызчага которгондо “ук” дегенди билдирет) деген сөздүн латын тилиндеги котормосун алат да, компаниясын “Ауди” деп атайт. Арадан бир жыл өтүп, “Ауди” компаниясы өзүнүн алгачкы Ауди А үлгүсүндөгү унаасын чыгарат. Кубаттуулугу 22 ат күчүнө барабар эле. Кийинки жылы Ауди В жана Ауди С үлгүсүндөгү автоунаалары иштелип чыгат. Алар өз заманында өтө ийгиликтүү болчу. 35 ат күчү бар, саатына 100 чакырым ылдамдыкты багынтуучу Ауди С үлгүсү ошол мезгилдин эң маанилүү Ауто Альпенфарт автожарышында жеңүүчү болот. Бул жеңиши үчүн «Альпензигер», башкача айтканда, «Альпты багындыруучу» деген атка конот. Бул ийгилик менен токтолбостон, компания жаңы максаттарга жетишүү үчүн 1923-жылы саатына 120 чакырымды багындыруучу Ауди М 1870 люкс классындагы үлгүлөрдү чыгара баштайт.

Эмблемасы энени билдирет? түзөтүү

 
Audi Wanderer (1936).
 
Audi R8 (2007-2015).

“Ауди” компаниясы 1934-жылы Германиядагы мотоцикл жана унаа чыгаруучу “ДКВ”, “Вандерер” жана “Хорьх” үч ири фирмалар менен биригип, “Ауто юнион” деген аталышты алат. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин “Ауто юнион” компаниясы банкротко учурап, өлкөдөгү акциянын эң көп бөлүгүн ээлеген “Мерседес Бенц” фирмасы “Ауто юнион” компаниясын 1964-жылы “Фольксвагенге” сатып жиберет. 1965-жылдан тартып “Ауто юнион” өз күчүнө кирип, “Даймлер-Бенц” көзөмөлү менен 1967-жылы “Ауди” компаниясы деп атала баштайт.

1968-жылдан тартып “ДКВ”, “Вандарер”, ”Хорьх” жана “Ауди” 4 компанияны чагылдырып, бири-бирине кийишкен 4 даана тегерекчени эмблема катары чыгарышат. Ошентип, эмблемасындагы 4 шакекче анын тарыхын чагылдырып, 4 компаниянын биригишин билдирет.

Эң кымбат үлгүлөрү түзөтүү

2010 жылдын эң кымбат үлгүлөрү

Үлгүлөрү Чыккан жылы Баасы
Audi R8 2010 жыл 235 720 доллар
Audi Q7 2010 жыл 170 000 доллар
Audi Т Т Koup 2010 жыл 95 330 доллар
Audi Ab Avant 2010 жыл 110 150 доллар
Audi Ab Allroad 2010 жыл 105 190 доллар

Audi A4 түзөтүү

өндүрүштүн моделдери 2004-жылдан 2007-жылга чейин ишке ашырылган. Машина 2001-мурдагы ийгиликтүү алмаштыруу болуп калды.[2]

Дагы караңыз түзөтүү

Audi A6 түзөтүү

Выпущенное 2011-жылдагы эсеби боюнча төртүнчү мууну моделдер, А6 (С7-й кузов), обзавелась ярким жана динамичным-рим, көбүнчө схожим менен ушундай болсо у флагманской моделдер А8 үчүнчү муундагы.[3]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Audi чакырып алуу жана даттануулар
  2. Автоматтык берүү Audi A4 канча мунай-жылы.
  3. Бардык муун Паули А6