Bольский Мирон Ефимович (11. 11. 1892, Россия империясы, Гродно губерниясы, Брест шаары 31. 12. 1958, Кыргызстан, Фрунзе шаары) – медицина илимдеринин доктору (1939), профессору (1940). Кыргыз ССРинин илимдерине эмгек сиңирген ишмер (1944). Саратов университетин бүтүргөн (1920). Куйбышев шаарындагы терапия клиникасынын башчысы (1927-34) жана Аскер медициналык академиясынын госпиталында профессору (1939-41). Кыргыз Мамлекеттик медицина институтун факультеттик терапия кафедрасынын башчысы (1941-58). Илимий эмгектери тоо климатынын адамдын организмине тийгизген таасирине, боткин оорусунун клиникалык белгилеринин айрым маселелерине жана аны дарылоого арналган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Усиление диуретического действия меркузола с никотиновой кислотой. //Советское здравоохранение Киргизии. 1954, № 2; Некоторые вопросы клиники и лечения болезни Боткина//Советское здравоохранение Киргизии. 1957, № 1.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү