Би-Би-Си
Британ көп тармактуу корпорациясы, кыск. «Би-би-си» (англ. British Broadcasting Corporation, кыск. BBC) — радио комплекс жана Улуу Британия телеберүүсү.
«Би-би-си» | |
Британ көп тармактуу маалымат корпорациясы | |
Өлкө | |
---|---|
Берүү чөлкөмү | |
алгачкы берүүсү | |
Сайты | |
Онлайн-трансляциясы |
Бүткүл дүйнөлүк Би-би-си кызматы жүргүзгөн ички жана сырткы Интернет-, радио- жана телеберүү медиакорпорациясы. Корпорация мамлекеттик эмес ММК болуп саналат. Көзөмөлдү атайын уюшулган коомдук кеңеш жүргүзүп турат, Кеңеш англия ханышасы тарабынан тандалган жана дайындалган 12 адамдан турат.
Тарых
түзөтүүКомпания 1922-жылы негизделген. Эл аралык берүүсүн 1932-жылдан баштаган.1939-жылы Лондондо атайын берүүчү каражат колдонулган, ал эми 1930-жылдан баштап Brookmans Park антеннасын колдоно башташкан. Baird’s company учурда BBC One ысымы менен белгилүү, өзүлөрүнүн телеберүүсүн 1932-жылы көрсөтө башташкан.
Би-Би-Синин Кыргыз кызматы
түзөтүүБи-Би-Синин Кыргыз тилиндеги программасы 1996-жылдын 3-июнунан тартып обого чыгууда.
Адегенде он беш мүнөттүк форматтан башталган кыргыз тилиндеги берүүлөр кийин жарым сааттык форматта чыга баштаган.
Би-Би-Синин кыргыз берүүлөрүн Кыргызстанда жана коңшулаш өлкөлөрдө угууга болот.
Би-Би-Синин кыргыз берүүлөрү ( «Азаттык» үналгысы сыяктуу эле) Кыргызстандын өзүндө эң көп угулган чет элдик программалардын биринен саналат.