Bitbucket ("бит чака") - долбоорлордун хостинги жана аларды бирге өнүктүрүү үчүн веб-кызмат. Mercurial жана Git версия көзөмөл системине негизделген. Милдети жана негизги сунушталган функциялары жагынан GitHub менен окшош. Айырмасы - колдонуучу базасы аз, коомдук эмес репозиторийлерди жайгаштыруу артыкчылыктары бар. Булар - беш кишиден көп эмес команда болгон учурда бекер хостинг жана команда көп кишиден турганда аз ижара акысы, ошондой эле долбоордун белгилүү салааларынын денгээлинде жеткилик укугун тейлөө. GitHub'дын негизги артыкчылыктары коомдошкон программалоо жаатында көрүнсө (англ. social coding), Bitbucket чакан жабык иштеп чыгуучулар командасына көбүрөөк багытталган. Bitbucket кызматынын урааны — Bitbucket is the Git solution for professional teams ("Bitbucket — кесипкөй командалар үчүн Git-чечим).

Bitbucket OpenID'ни колдойт.

Тарыхы түзөтүү

Мүмкүнчүлүктөрү түзөтүү

Азыркы учурда бардык колдонуучуларга төмөнкү мүмкүнчүлүктөр бекер берилет:

  • Репозиторийге 2 ГБттык диск орун.
  • Чексиз коомдук репозиторийлер.
  • Беш кишиге чейинки чакан командалар үчүн чектелбеген санда приват репозиторийлер.
  • Репозиторийлерге HTTP жана SSH протоколдор аркылуу жетүү.
  • Кызматтагы эсепти жеке домен менен байланыштыруу мүмкүңдүгү.
  • Уики - (Ар бир репозиторийге өзүнчө. Өчүрүп койсо болот).
  • Каталарды учеттоо системи (Ар бир репозиторийге өзүнчө. Өчүрүп койсо болот).
  • Google Analytics, Twitter, Basecamp жана башка кызматтар менен айкалыш.
  • RSS-өзгөртүүлөр тарыхы түрмөгү.
  • Ар бир репозиторийдин приваттыгын башкаруу.
  • Коомдук репозиторийлер үчүн колдонуучулардын саны чектелген эмес (BitBucket ачык программалык камсыздоо долбоорлору үчүн акысыз)
  • Жеке (жабык) репозиторийге беш колдонуучуга чейин жеткилик берилет; көп сандаган жазылуулар төлөмдүү кызмат алкагында (10 доллардан 200 долларга чейин) же жаңы колдонуучу чакыргандан кийин берилет (эми актуалдуу эмес).

Шилтемелер түзөтүү