COVID-19 оорусунун кесепеттери

COVID-19 оорусунун кесепеттери Archived 2020-12-23 at the Wayback Machine ооругандан кийин пайда болгон кошумча кыйналуулар. COVID-19 адамдын жүрөк, өпкө, мээ, бөйрөк, кан тамырлары сыяктуу органдарында жана анын жашоосу үчүн маанилүү милдет аткарган системаларында оор кабылдап кетүүлөрдү алып келүүгө жөндөмдүү. Коронавирус инфекциясынан кийин пайда болгон кесепеттер анын өзүнөн кем эмес коркунучтуу болуп саналат.

COVID-19 менен ооруган учурда кычкылтек жетишсиздигинен улам адамдын бөлүп чыгаруу тутуму өз милдеттерин аткара албай калат, кандын уудан тазалануусу жүрбөйт. Ушундай шартта көп органдардын жетишсиздиги өнүгөт жана ички органдардын ткандарында көп сандаган шишикчелер пайда болот. Мындай кыйын кырдаал оору учурунда эң жаман натыйжаларга алып келиши мүмкүн, ошондуктан айыккандан кийин да нефрологиялык кабылдап кетүүлөргө олуттуу көңүл буруу зарыл. COVID-19 оорусунун фонундагы нефрологиялык кабылдоолор ар бир адамга мүнөздүү эмес, ал иммунитети начарлагандарга же негизги оорусу короновирус инфекциясына (нефриттерде, заара чыгаруучу каналдардын таш ооруларында, сезгенген мүнөздөгү заара бөлүп чыгаруу органдарынын жана жыныс мүчөлөрүнүн ооруларында) байланышы жокторго гана жана башкаларга тиешелүү. COVID-инфекциясы нефрологиялык залалдарга сөзсүз түрдө алып келбей турганын белгилей кетүү маанилүү. Бул бейтаптын иммунитетине, анын ден соолугунун жалпы абалынан, дарылоо жолдорунун туура тандалышынан жана калыбына келтирүү учурундагы врачтык, лабораториялык көзөмөлдөн көз каранды.


Борбордук нерв тутуму жана Covid-19 түзөтүү

Дем алуу органдарынын эпителиялык клеткалары (былжыр челдер) гана вирусту тез кабыл алышпайт, БНТ ткандарынын клеткалары да мындайга жакын келишет. Ошондуктан ушул сыяктуу кошумча залдардын пайда болушуна борбордук нерв тутумунун (БНТ) иштөөсү, неврологиялык жана психикалык бузулуулар да таасир тийгизишет. Өзгөчө бул ИВЛ (өпкөнү жасалма дем алдыруу) аппаратына кошулган бейтаптарга тиешелүү. ПИТ-синдрому (интенсивдүү дарылануудан кийин) деп аталган кубулуш психикасы бузулган оорулууларда пайда болот. Адамдын тынчы кетип, оорудан жабыккандан абал, депрессия жаралат, эс тутуму, ынтаа коюусу, ой жүгүртүүсү начарлайт, аракеттенүү тездиги төмөндөйт, окуп-үйрөнүүсүндө, көнүмүш ишинде, күнүгө жасаган милдеттерин аткарууда кыйынчылык жаралат.


Айыккандан кийинки калдык белгилер түзөтүү

Көптөгөн бейтаптар айыгып, оору белгилери толук жоголгондон кийин да айлана-чөйрөнүн температурасынан көз карандысыз түрдө (ал тургай аптаптуу аба ырайында да) “чыйрыгып” турушат. Мындай дененин “калтырап-титирөөсүн” бейтап көп учурларда вирусту кайталап жуктуруп алгандай кабыл алат. Вирустун таасиринин натыйжасында жана кан тамырлардын карышып, тарышынан улам мээнин жылуулукту жөнгө салуучу борбору жабыркайт.

Балдардын Covid-19га чалдыгышынын натыйжасы түзөтүү

Коронавирус инфекциясынын натыйжасында балдарда Кавасаки синдрому Archived 2021-01-30 at the Wayback Machine(орто жана майда артерияларды көбүрөөк жабыркаткан некротизациялуу тутумдашкан васкулит) өнүгүшү мүмкүн. Көп учурларда буга ымыркайлар жана беш жашка чейинки наристелер чалдыгышат, анткен менен алардан улуу балдар да буга учурашы мүмкүн. Дагы бир коркунучтуу синдром өспүрүм курактагы балдарда кезигет, бул дене табынын көтөрүлүшү, денеге бүдүр чыгуусу, шишүүсү, теринин, көздүн, жүрөктүн жана кан тамырлардын жабыркашы менен коштолот. Бул синдром кан тамырларда кан уюусу, алардын чоюлуп жукарышы жана айрылып кетүүсү менен коркунучтуу.


[1]