COVID-19 пандемиясы менен байланышкан конспирологиялык (кутум) теориялар

Конспирологиялык теория (англисче: conspiracy theory – «кутум теориясы») — кырдаалды көзөмөлдөп, өздөрүнүн жеке максаттары үчүн гана аракет кылган белгилүү бир адамдар тобунун кутумунун натыйжасы катары кайсы бир бир кырдаалды, окуяны түшүндүргөн концепция. Ал эми башка түшүндүрмөлөр чындыкка жакын болушу мүмкүн.[1][2]   

2020-жылдын апрель айында, Кыргызстанда COVID-19 таажы вирус жугуштуу илдети пандемиясы  учурунда COVID-19, анын келип чыгышы, дарылоо ыкмалары жана башка жагдайлары жөнүндө ар кандай кутум теориялары жана туура эмес маалыматтар тарай баштады.

Коомдук тармактар, мессенджерлер, айрым ата мекендик ЖМКлар да мындай маалыматтарды таратууга аянтча болуп беришти. Вирус биологиялык курал;[3] же калктын санын көзөмөлдөө каражаты; вирус Билл Гейтс тарабынан түзүлгөн;[4]   5G уюк мунаралары вирустун жайылышын күчөтөт  деген жана башка ушул сыяктуу ырастоолор кеңири тарады.[5]

Пандемиянын кутум теориялары түзөтүү

Кытайдын Ухань лабораториясынан чыккан биологиялык куралы түзөтүү

2020-жылы январь айында Би-Би-Си Washington Times гезитинин эки макаласына шилтеме жасап, COVID-19 вирусу - Ухань Вирусология институтунда жүргүзүлүүчү Кытайдын биологиялык курал программасынын бөлүгү деп жарыялаган.[6]  Кийинчерээк Washington Post гезити Ухань институту эмне үчүн бул аскердик максатка ылайыксыз экендигин түшүндүргөн америкалык эксперттерге шилтеме жасап, бул теорияны жокко чыгарган макала чыгарды.

Көпчүлүк өлкөлөр да биологиялык курал программаларын ийгиликсиз деп четке кагып, вирус генетикалык жактан иштелип чыккандыгына эч кандай далил жок экендигин билдиришти.[7]  

Январь айында англиялык Zero Hedge бизнес блогу COVID-19 Ухань институтунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккандыгын так далили жок жоромолдогон. Zero Hedge бул окуяга жооптуу делген окумуштуу жөнүндө анын жеке маалыматтары менен кошо баардык маалыматтарды жарыялап, пандемиянын чоо-жайын билгиси келгендерди илимпоз менен байланышууга үндөдү. Кийинчерээк Twitter веб-сайтты тескөө саясатына байланыштуу блогдун аккаунтун биротоло жапты.[8]  

2020-жылы январда америкалык Buzzfeed News жаңылыктар сайты Ухань институтунун WIV логотиби менен Resident Evil видео оюндар түрмөгүндөгү зомби апокалипсис вирусун иштеп чыккан улуттар аралык корпорация Umbrella Corporation ортосундагы байланыш жөнүндө кутум теориясын жарыялады. Бул теория “ Racoon” (Resident Evilдин борбору) менен “ Corona” анаграммасы (вирустун аталышы) ортосунда да байланыш бар деп тапкан. Кийинчерээк Snopes.com сайты логотип Ухань институтуна эмес, Шанхайдагы Бао Ху Сан-Биотех Лимитед компаниясына таандык экендигин далилдеп, Resident Evilдеги шаардын туура аталышы Раккун-Сити экендигин да билдирген.[9]  

The Inverse Bot Sentinelдин негиздөөчүсү Кристофер Бузи Inverse үчүн Twitterди талдап, онлайн боттор көптөгөн жалган маалыматтарды таратып жаткандыгын аныктаган. Аталган боттор Кытай вирусту атайын жараткан, ал биологиялык курал, демократтар Дональд Трампка зыян келтирүү коркунучун апыртып жатышат ж.б. деп ырасташкан.[10]  

The South China Morning Post (SCMP) гезити WIV изилдөөчүлөрүнүн бири Ши Чжэнлиге кытайлык социалдык тармактарда чабуул коюлганын, анын жарганаттардан алып жасалган вирустарды иликтөөсү COVID-19дун булагы деп айтып жатышкандыгын билдирди. Ши өз кезегинде: «Мен керт башым менен ант берем – [вирустун] лабораторияга эч кандай тиешеси жок», – деп жооп берди. SCMP бул чабуул жөнүндө түшүндүрүп берүүнү өтүнгөндө, Ши: «Менин убактым мындан маанилүү нерселерге жумшалышы керек», – деп жооп берди.[11]  

16-апрелде америкалык Fox News телекомпаниясы өз булактарына таянып, «таажы вирус» менен ооруган «алгачкы» бейтап Ухандагы лабораторияда иштегендигин кабарлаган.[12]  

21-апрелде The Guardian Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун расмий өкүлү Фадела Чайб менен биргеликте COVID-19 атайын жасалган эмес жана лабораторияларда чыгарылбаган деген макала жарыялаган. Анын айтымында, COVID-19дун баштапкы булагы азырынча белгисиз, бирок вирус адамдарга жарганаттардан ортодогу зат аркылуу жуккан деп болжолдонууда.[13]

Билл Гейтс, «чиптөө» жана калктын санын көзөмөлдөө түзөтүү

Коронавирус пандемиясына байланыштуу көптөгөн кутум теориялары жана фейк жаңылыктар америкалык мультимиллионер Билл Гейтстин жана анын Билл жана Мелинда Гейтс Фондусунун аты менен байланыштуу чыкты. Буга чейин, 2015-жылы TED конференциясында Гейтс жугуштуу оорулардын кооптуулугун айтып, аларды адамзат үчүн эң чоң коркунуч экенин айтып, буга эч кандай даярдык жок деген.[14] 

Бүгүнкү күнгө чейин Гейтс саламаттыкты сактоо тармагына жана жугуштуу ооруларга каршы долбоорлорго ири суммадагы акча жумшады, атап айтканда,  COVID-19 вакциналарын иштеп чыгууга 250 миллион доллардан ашуун каражат бөлдү жана алдыда мындан да көп каражат сарптайм деп убада кылды.

2019-жылдын октябрь айында Билл жана Мелинда Гейтс Фонду эпидемиялык вирусту изилдөөгө арналган «Окуя -201» иш-чарасына демөөрчүлүк кылды. Бул белгилүү бир COVID-19 вирусуна байланыштуу болбогон жана келечекте курман болгондордун конкреттүү бир санын божомолдогон эмес.[15]  

Ар кандай кутум теорияларында Гейтс эмдөөлөрдү шылтоолоп, «чиптөө» аркылуу Жердин калкынын санын азайтууга же адамдардын жүрүм-турумун тескөөгө аракет кылып жатат деп айтылууда. Технологиялык өнүгүүнүн азыркы баскычында организмде жашыруун «чиптөө» жана, баарынан да, анын жардамы менен жүрүм-турумду башкаруу мүмкүн эмес. Аталган «чиптөө» теориясы Гейтстин Reddit конференциясында таажы вирус жуккан бейтаптарды «санариптик шайкеш келтирүү» тууралуу билдирүүсүнө байланышкан.[16]

2020-жылдын январь айында, YouTube блоггери, эмдөөгө каршы кыймылдын тарапкери Джордан Сатер Гейтстин калктын санын азайтуу максатында COVID-19дун пайда болушуна катыштыгы бар экендигинин далили катары анын эпидемия жөнүндө айткандарын келтирген.[17]  Zignal Labs компаниясынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын апрель айынын ортосунда Facebook Гейтс жөнүндө аны COVID-19 менен байланыштырган болжол менен 16000 билдирүү жана 900000ден ашуун көрүү жана жактыруу (лайк) түрүндөгү жооп кылууну чогулткан. Дүйнө жүзү боюнча нааразылык акцияларында Билл Гейтстин аты аталган.

Кыргызстанда 20-апрелде Argument.kg New York Times гезитине шилтеме жасап, «Таажы вирусун жаратуучу камакка алынды» деген аталышта жаңылык жарыялады. Макалада Билл Гейтстин бизнесин өнүктүрүү, ошондой эле өнөкөт оорулары бар адамдардан кутулуу максатында вирус жаратканы үчүн камакка алынганы жөнүндө сөз болот.[18] Archived 2021-01-28 at the Wayback Machine  Бирок эртеси күнү FactCheck.kg порталында бул кабарды төгүндөгөн материал чыкты.[19]  Көрсө, алар шилтеме кылган New York Times гезитинин материалында камакка алуу жөнүндө маалымат жок экен, а болгону учурда таажы вирусу тууралуу жалган маалыматтардын эң көп жайылганы Гейтс жөнүндөгү жалган маалымат гана деп айтылыптыр.[20]

Гейтс өзү Би-Би-Сиге берген маегинде бул теориялардын бар экенине «бир аз тынчсыздангандыгын» жана «бир аз таң калгандыгын» айтты. Ал эл вакциналоодон коркуп калат деген кооптонуусун билдирди. Ал вакциналоодон өткөн адамдарды өз ыктыяры менен каттоо маанилүү деп эсептээрин ырастап, бирок кеп «чиптерде» эмес экендигин баса белгиледи. Жакыр өлкөлөрдө каттоо кагаз жүзүндө жүргүзүлөт, ал эми Индияда маалыматтарды уюк телефондордо сактоо программасын сынактан өткөрүп жатышат.[21]

Таажы вирусу мурун деле болгон деген теория түзөтүү

Lysol сыяктуу дезинфекциялоочу каражаттар кээ бир өкмөттөр таажы вирусу тууралуу 2019-2020-жылдардагы пандемияга чейин эле билгендигин далилдейт деген теориялар бар, анткени бул каражаттардын таңгактарында алардын «адамдын таажы вирусуна» каршы таасири айтылган. Lysol таңгактарында 1960-жылдардын башынан бери ушуга окшогон нерселер айтылып келген, демек, теория ушул мезгилге чейин өкмөттөр таажы вирусун мурда эле билген деп болжолдойт.

Lysol брендинин ээси, британиялык Reckitt Benckiser компаниясы таажы вирустары илгертен келе жаткан вирустардын түркүмүнө кирерин жана алардын өнүмү жаңы пайда болгон COVID-19 менен күрөшүүгө арналган эмес деп жооп берди.[22]  

Кыргызстанда 70-жылдардын ортосуна таандык делген советтик гезиттин макаласынын сканери социалдык желелерде тарап, анда жугуштуу ооруларды, атап айтканда, таажы вирусту дарылоого жарайт делген дарылардын тизмеси берилет. Factcheck.kg порталы бул билдирүүнүн аныктыгын жокко чыгарган материал жарыялаган жана гезит 2000-жылдарга чейин чыгышы мүмкүн эмес экендигин далилдеген.

Анын шрифти менен сапаты да ушуну тастыктайт, ал эми материалда айтылган Рибомунил дарысы жаңы кылымдын башына чейин Россиянын аймагында болгон эмес; Мындан тышкары, таажы вирусу 1965-жылы эле аныкталгандыгына карабастан, 2000-жылдардын башына чейин ал ЖМКнын гана эмес, илимий изилдөөчүлөрдүн да көңүлүн бурган эмес. Ал тууралуу иш жүзүндө бир дагы маалымат жарыяланбаган. Алар ал жөнүндө 2002-2003-жылдары Кытайда SARS-CoV вирусунан улам пайда болгон типтүү эмес пневмония оорусунан кийин айта башташкан.

Таажы вирусунун таралышына 5Gнын  таасири түзөтүү

2020-жылы февралда BBC News таажы вирусту 5G технологиясына байланыштырган кутум теориялары социалдык тармактарда жайыла баштагандыгын билдирди. Бул теория Ухандагы вирустун дүрт этишине электромагниттик талаалар жана 5G жана зымсыз технологиялар таасир эткен деп түшүндүрөт.[23]  

2020-жылы март айында, Калифорниянын медициналык кеңешинде сыноо мөөнөтүндө иштеп жаткан Томас Коуэн, Африка өлкөлөрү 5G аймагы болбогондуктан, пандемия анча жайылбады деген сөздөргө таянып, COVID-19га 5G себеп болгон деп айткан.[24]  Коуэн ошондой эле тарыхый вирус пандемиялары радиотехника жаатындагы ири жетишкендиктер менен дал келет деп ырастаган.[25]

Бул материалдан бир аз мурдараак, 2020-жылы 22-январда, Het Laatste Nieuws анча деле белгилүү эмес терапевт Крис ван Керховендин уюк мунаралар ден соолукка зыян келтирет жана COVID-19 пандемиясы кайсы бир даражада 5G менен байланышы бар деп ырастаган маегин жарыялаган. Кабарчы өз кезегинде 2019-жылы Ухань шаарынын айланасында 5G мунараларынын желеси орнотулгандыгын, инфекциянын биринчи очогу ошол жер болгон деп белгиледи.[26]  Маектин электрондук түрү өчүрүлгөнүнө карабастан, бул маектешүү 5G антенналары адамдын иммундук тутумун начарлатат, вирусту жуктурат же адам организмин вируска туруксуз кылат деген көптөгөн кутум теорияларын жаратты.

Айрым белгилүү адамдар да, атап айтканда: мушкер Амир Хан, ырчылар Анн-Мари менен Кери Хилсон, актер Вуди Харрельсон жана башкалар ушул теорияны жактап чыгышты. Change.org сайтындагы 5Gге каршы петиция таанымал теле алып баруучу Аманда ага «жаңылыштык» менен шилтеме жасап, бөлүшүп жибергенден кийин 110 000 добуш алды.

Апрелдин башында Улуу Британияда, негизинен Бирмингемдин жана Уэст-Мидлендин айланасында 20 уюлдук мунара өрттөлгөн же дагы башка жол менен бүлүндүрүлгөн. Операторлордун айтымында, өрттөлгөн мунаралардын көпчүлүгү 5G түзмөктөрүн күйгүзүшкөн да эмес эле, ал эми жабдууларды оңдоого катышкандарды жарандар коркутуп-үркүтүшкөн.[27][28]    Нидерландыда дагы төрт мунара өрттөлдү.[29]  

Аталган теория Кыргызстанда да кеңири кулач жайды. Фейсбукта «Ушул себептен 5G кооптуу» деген аталыштагы видео тарап, анда далил катары 2018-жылы Нидерландыдагы канаттуулардын жапырт өлүмүнө 5Gдин зыяны тийгенин мисал келтирет. Бул видео жасалма болуп чыкты, Factcheck.kg басылмасы Snope фактыларды текшерүүчү агенттиктин материалдарына таянып, төгүндөө жарыялады. [30]

Эпидемиянын масштабы жөнүндө маалыматтын бурмаланышы түзөтүү

Медайымдан маалыматты ачыкка чыгарышы түзөтүү

24-январда интернетте видео тарап, анда Хубей провинциясынан Цзинь Хуэй  аттуу медайым Ухандагы абал кытай чиновниктери билдиргенден алда канча оор экендигин маалымдаган.[31] Анын айтымында, Кытайда 90 000ден ашуун адамга вирус жуккан жана вирус бир адамдан 14 адамга тарашы мүмкүн жана ал экинчи мутацияны башташы ыктымал.[32]  Кийинчерээк Би-Би-Си англис субтитрлерине карабастан, видеодогу аял медайым же дарыгер болушу мүмкүн эмес экендигин белгилеген, анткени анын костюму жана беткабы Хубэйдеги медициналык кызматкерлер кийип жүргөн кийимге дал келбейт.[33]

Маалыматтын чыгып кетиш болжолу түзөтүү

2020-жылдын 25-февралында Taiwan News кытайлык Tencent инвестициялык компаниясы Кытайда каза болгондордун жана вирус жуккандардын чыныгы санын кокустан жарыялаганын ырастаган макала чыгарган.

Taiwan News гезитиндеги макалага ылайык, Tencent Epidemic Situation Tracker кырдаал борбору кыска убакыт ичинде таажы вирусу жуккан жана андан өлүмгө дуушар болгондордун расмий маалыматтарына караганда бир нече эсе жогору санынын диаграммамасы бар скриншотту көрсөттү. Бул тууралуу маалымат 38 жаштагы тайвандык Хироки Лонун Фейсбуктагы билдирүүсүнөн жана тайвандык белгисиз интернет колдонуучудан алынган.

Taiwan Newsтун макаласына Daily Mail сыяктуу башка да маалымат каражаттары шилтеме жасап, ал Твиттерде, Фейсбукта, 4chanда кеңири тараган жана кутум маалыматтардын эпкинин пайда кылган. Джонс Хопкинс университетинин Коомдук саламаттыкты сактоо мектебинин адүюнкт-профессору Джастин Лесслер бул «чыгып кетти» делген сандар чындыкка дал келбейт деп ырастайт. Tencentдин өкүлү Taiwan News постундагы сүрөт жасалма экендигин жана анда «биз эч качан жарыялабаган жалган маалыматтар камтылгандыгын» айтты.[34]  

Маалыматтын бурмаланышына каршы күрөшүү чаралары түзөтүү

2020-жылдын 2-февралында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) вирус жөнүндө таркатылган жалган маалыматтардын көптүгүнө көңүл бурган. Ал «адамдарга зарыл учурда ишеничтүү булактарды жана ишеничтүү сунуштарды табууга тоскоолдук кыларын» белгилеп, «массалык инфодемия» (башкача айтканда, «жалган маалыматтын эпидемиясы») тууралуу билдирген.

Ошондой эле ДСУнун маалыматына ылайык, 24 саат бою иштеген «шашылыш байланыш» түзүлүп, коммуникация жана социалдык желелердин адистери вирус тууралуу туура эмес маалыматтарды көзөмөлдөп, ДСУнун веб-сайты жана социалдык желелердеги баракчалар аркылуу жооп кылып турушат.

ДСУ социалдык желелерде тараган айрым жалган имиштерди төгүндөдү. Мисалы, адам таажы вирустун барлыгын дем чыгарбай туруп текшерсе; сууну көп ичүү менен вирустан коргонсо же тамакты туздуу суу менен чайкап, айыкса болот деген.[35]  

Facebook, Твиттер жана Googleв сыяктуу ири желелер жалган маалыматтарга каршы күрөшүү максатында кызматташууда ДСУга кол кабыш кылышты. Facebook өз блогунда «тулку-бойлук зыянга» алып келген маалыматты бурмалоого байланыштуу саламаттыкты сактоо уюмунун жана жергиликтүү бийликтин саясатын бузган материалдарды алып салабыз деп билдирген. Facebook ошондой эле ДСУ үчүн акысыз жарнама кызматын көрсөтөт.[36] [37]  

2020-жылдын февраль айынын аягында Amazon интернет дүкөнү каталогунан таажы вирусун айыктырат же коргойт деп мүнөздөлгөн миллиондон ашык өнүмдү, ошондой эле он миңдеген ашыкча бааланган медициналык буюмдарды алып салды.[38]  

Материалдарына акы төлөп жазылуучу The New York Times жана Bloomberg өңдүү көптөгөн гезиттер, расмий сайттарында жайгаштырылган таажы вирусу темасындагы акы төлөнүүчү материалдарын бекер кылышты. Көптөгөн илимий басылмалар эпидемияга байланыштуу илимий макалаларын жалпыга жеткиликтүү жарыялашкан. Nature Medicine SARS-CoV-2 вирусу жасалма жол менен жаратылган деген кутум теориясын жокко чыгарган макаласын жарыялады.[39]  

COVID-19 жөнүндө бир нече онлайн платформаларда маалыматтар бурмаланган миллиондогон учурлар байкалган. Фейк жаңылыктарды изилдөөчүлөр айрым имиштер Кытайдан чыгып, кийин ошол эле имиштердин көпчүлүгү башка өлкөлөргө тарагандыгын белгилешет. Бул Кореядагы бир нече университеттерди интернеттеги ырастоолорго жооп кылуу үчүн көп тилдүү «имиштен мурда факты» өнөктүгүн баштоого түрттү.[40](жеткиликсиз шилтеме)