«Centerra Gold» (кырг. «Центерра Голд») – Азияда, Түндүк Америкада жана дүйнөнүн башка аймактарында алтын кендерин эксплуатациялоого, иштетүүгө, чалгындоого жана алууга адистешкен канадалык алтын казып алуучу компания болуп саналат. «Центерра» – Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компаниянын башкы офиси Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан. Компания жөнүндө кошумча маалымат корпоративдик сайтында жана SEDAR маалыматтык-электрондук издөө системасында жеткиликтүү.