Covid-19 шартындагы кошбойлуулук

Белгилүү болгондой, кош бойлуу аялдар, ошондой эле кош бойлуулуктун башталыш мөөнөтүндө ашыкча салмактан же аны коштогон гипертензия же диабет сыяктуу патологиялык абалдар менен оорулардан жабыркаган жашы улуу аялдарда COVID-19дун оор формаларынын өөрчүп кетүү тобокелдиги жогору. Оорунун оор өтүшүүсүндө кош бойлуу аялдар, белгилүү болгондой, көпчүлүк учурда кош бойлуу эмес төрөт жашындагы аялдарга караганда интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулууга муктаж.

Кош бойлуулук учурунда организмде, анын ичинде иммундук системада белгилүү бир өзгөрүүлөр болору белгилүү, кээ бир респиратордук инфекциялар кош бойлуулар үчүн олуттуу коркунуч жаратышы ыктымал. Ошондуктан алардын COVID-19дан коргонуунун профилактикалык чараларын көрүшү жана дарылоочу врачына мүмкүн болуучу симптомдор (анын ичинде дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, дем алуунун кыйындашы сыяктуу белгилер) тууралуу айтып турушу кажет.

Кошбойлуулуктагы Covid-19 дан сактануу түзөтүү

Кош бойлууларга COVID-19ду жугузуп албаш үчүн атайын сактык чараларын көрүү талап кылынбайт. Сиз өзүңүздү сактоого төмөндөгүчө жардам бере аласыз:

●    колуңузду тазалоо үчүн курамында спирт кошулган каражат же самын менен тез-тез жууңуз;

●    жаныңыздагы адамдардан алыс туруп, адамдар топтолгон жерден качыңыз. Жаныңыздагы адамдар менен коопсуз аралыкты сактоого мүмкүн болбогон учурда медициналык эмес кездемеден жасалган маска тагуу керек. Ошондой эле колду көзгө, мурунга же оозго алып барбоо керек.

●    Көздү, мурунду же оозду кол менен кармабагыла;

●    Респиратордук гигиенаны сактагыла. Бул жөтөлгөндө же чүчкүргөндө ооз менен мурунду чыканактын бүгүлүшү же салфетка менен жабуу керектигин билдирет. Колдонулган салфетканы ошол замат жок кылуу керек.

Дене табы көтөрүлгөндө, жөтөлдө же оордошкон дем алууда тезинен медициналык жардамга кайрылуу зарыл. Кайрылууну медициналык мекемеге телефон чалуудан баштап, жергиликтүү саламаттык сактоо органынын көрсөтмөлөрүн аткарыңыз. Кош бойлуулар жана жаңы төрөгөндөр вирус жуктуруунун алдын алуунун адаптацияланган чараларын сактоо менен, жергиликтүү сунуштарга ылайык бардык пландуу кабыл алуулардан жана врачтын көзөмөлүнөн өтүүгө тийиш.

Covid-19 инфекциясынын эненин жатынында же энеден балага өткөрүлүп берүү мүмкүнчүлүгү түзөтүү

Бүгүнкү күнгө карата COVID-19дун түйүлдүктү курчаган суюктуктан же эмчек сүтүнүн үлгүсүнөн (проба) табылышы белгилене элек. Активдүү вирустун энеден түйүлдүккө же жаңы төрөлгөн балага кош бойлуулук же төрөт учурунда өтүшү азырынча аныктала элек.

Covid-19 жугузган эненин жаңы төрөлгөн ымыркай менен байланышы түзөтүү

Тыгыз байланыш жана жалаң эмчек сүтү менен багуу баланын жетилүүсүнө жардам берет. Аялда төмөнкү мүмкүнчүлүктөр болуусу керек:

Тийиштүү респиратордук гигиенаны сактоо менен ымыркайды эмчек сүтү менен азыктандыруу;

●    ымыркай менен денелик байланыш; жана;

●    ымыркай менен бир үйдө болуу.

Жаңы төрөлгөн бала менен физикалык байланышта болууга чейин жана андан кийин колду жууш, ошондой эле бардык ачык жерлерди гигиеналык тазалоо керек. COVID-19 белгиси бар энелер ымыркай менен физикалык байланышта болгон учурда дайым медициналык маска тагынуусу керек.

Шилтемер түзөтүү

[1]

  1. Беременность // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона : в 86 т. (82 т. и 4 доп.). — СПб., 1890—1907.

https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/question-and-answers-hub/q-a-detail/q-a-on-covid-19-pregnancy-and-childbirth