Debian ([ˈdɛbiən]) - коду ачык болгон эркин программалык камсыздоодон турган операциондук систем. Учурда Debian GNU/Linux - GNU/Linux дистрибутивдеринин эң таанымал жана маанилүүлөрүнүн бири. Мунун баштапкы формасы бул типтеги жалпы операциондук системдеринин өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген. Башка ядролордун негизинде дагы долбоорлор бар: Debian GNU/Hurd, Debian GNU/kFreeBSD жана Debian GNU/kNetBSD. Debian серверлердин да, иш станцияларынын да операциондук системи катары колдонула берет.

Debian бардык дистрибутивдердин арасынан эң көп программаларды жана библиотекаларды колдонууга даяр болгон пакет сактагычына ээ. Булардын саны боюнча эмес болсо да, колдоого алынган архитектуралардын саны боюнча алдыда: орнотмолуу түзмөктөрдө колдонулган ARM, эң таанымал x86 жана PowerPC, 64-разряддык AMD-лерден баштап, мейнфреймдерде колдонулган IBM S/390-го чейин. Сактагыч менен иштөөгө түрдүү каражаттар иштелип чыккан. Булардын ичинен эң көрүнүктүүсү - Advanced Packaging Tool (APT).

Debian бир топ дистрибутивдердин негизин түзөт. Булардын ичинен эң белгилүүлөрү (алфавиттик тартипте) - Knoppix, Linux Mint, Maemo, MEPIS, SteamOS, TAILS, Ubuntu.

"Debian" аталышы долбоордун негиздөөчүсү Ян Мүрдок (Ian Murdock) жана курбу кызы (кийинчерээк үйлөнүшүп, азыр ажырашышкан) Дебра Линндин (Debra Lynn) аттарынан куралган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү