GPRS (ЭФА: [dʒiːpiːɑːɹˈɛs]; англ. General Packet Radio Service — «Жалпы пакеттик радиобайланыш кызматы») — Биринчи мааниси "G" же "GPRS" Ал эми экинчи мааниси "муун", англисче "generation" деп аталып, ар бир муунга "G" белгиси коюлган.

Тарыхы түзөтүү

1G түзөтүү

Алгач бул кызмат 1970-жылдары 1G аталышында иштелип баштап, 1984-жылы ишке киргизилген да, эң жөнөкөй интернет кызматтарын аткарган. Бул кызмат аналогдук, стандарттык кызмат аткарып, үн кабарларын жеткирген. Анын ылдамдыгы секундасына 1,9 Кбит болгон. Бул интернет ылдамдыгынын биринчи мууну эле.

2G түзөтүү

1980-1991-жыл­дар аралыгында 2G интернет ылдамдыгы пайда болгон. Анын өзгөчөлүгү 1G’га караганда ылдам болуп, жаңы санариптик стандарт, кыска билдирүүлөр үчүн колдоо киргизилген. Анын ылдамдыгы секундасына 9,6-14,4 Кбит болгон. Уюлдук телефондун экранына Е белгиси чыкканы бул кызмат иштеп жатканын билдирет.

2,5G түзөтүү

Ал эми 1985-1999-жылдары жаңы ылдам­дыктагы 2,5G кызматы ишке киргизилген. Анын өзгөчөлүгү – маалымат топтому жакшырып, экинчи муун тармагы кыйла өнүккөн. Интернет ылдамдыгы секундасына 115 Кбиттен (1 фаза) – 384 Кбитке (2 фаза) жеткен.

3G түзөтүү

Бул баскыч өзүнө 1990-2002-жыл-­дарды камтып, бул убакыт ичинде интернет ылдамдыгы дагы жогорулаган. Секундасына 3,6 Мбитке жетип, пайдалануу бир топ жакшырган. Бул кызмат иштегенде телефон үлгүсүнө карап дисплейде 3G, 3,5G, Н, Н+ белгилери чыгып турат.

3,5G түзөтүү

Кийинки кызмат 3,5G интернети 3G’ны толуктоо максатында ишке киргизилген. Ылдамдыктын тездеши үчүнчү муундун пайдасын арттырган. Секундасына ылдамдык 42 Мбитке жетип, ал 2000-2007-жылдары кызмат кылган.

4G түзөтүү

Интернеттин бул мууну азыркы мезгилге туш келип, 4G учурда эң популярдуу болуп жаткан кези. Ал кызматты Кыргызстандагы бир топ уюлдук операторлор пайдаланып, өз кызматтарын кардарларга сунуштап жатышат. Мындай ылдамдыкта интернетти пайдалануу бир топ ыңгайлуу жана пайдалуу. 4G’нын түптөлүп, пайдаланууга берилүүсү 2000-2010-жылдарга туура келет. Анын ылдамдыгы секундасына 100 Мбиттен 1 Гбитке чейин жетет деп айтылганы менен, иш жүзүндө анын жарым ылдамдыгына да жетпейт. Кошумча кызматтары катары жогорку жөндөмдүүлүк, IP – багытталган тармак жана заманбап колдоолорду айтсак болот. 4G кызматын пайдаланганда телефон үлгүсүнө карап биз телефонубуздан көп көргөн LTE, L, 4G жана 4G LTE белгилери экранга чыгып калат. Бирок адистер муну менен гана чектелбестен, жакынкы арада, тагыраагы 2020-жылга чейин 5G интернетин сунуштоо үстүндө иш алып бара жатышат. Кытайдын "HuaWei" компаниясы интернетти секундасына 10 Гбитке ылдамдатуу үчүн 600 миллион доллар жумшамакчы. Антенна usilivaetsignal интернетке алуу жана модем аркылуу кайрылышат. Antennaustanavlivaetsya чатыр, дубал жана мачталык. 3G/4G интернет сигнал Wi-Fi аркылуу razdaetsignal Интернет деген роутерди жөнөтүлөт. Эгер роутер орнотулган тармак коопсуздук Wi-Fi сырсөзүн тарамдатса болот.[1]

Шилтемелер түзөтүү

  1. Интернет 4G / 3G уюлдук байланыш операторлорунун күчөтүү.