Grand Theft Auto: San Andreas — Rockstar North тарабынан иштелип чыккан жана Rockstar Games тарабынан жарык көргөн эшкн укмуштуу окуя видео оюну. Ал 2004-жылдын 26-октябрында PlayStation 2 консолу үчүн, ал эми 2005-жылдын 7-июнунда Microsoft Windows жана Xbox үчүн чыгарылган. Оюндун жогорку сапатта куралган версиясы Xbox 360та жана PlayStation 3тө тиешелүүлүгүнө жараша 2015-жылдын 30-июнунда жана 2015-жылдын 1-декабрында жарык көргөн. Бул Grand Theft Auto сериясындагы жетинчи оюн жана 2002-жылдагы Grand Theft Auto: Vice City'ден кийинки биринчи негизги чыгарылыш болуп эсептелет. Ал Game Boy Advance чөнтөк оюн консолу үчүн Grand Theft Auto Advance чыккан күнү жарык көргөн.

Grand Theft Auto: San Andreas ачык дүйнө чөйрөсүндө үчүнчү кишинин көзү менен ойнолуп, оюнчуга бош убактысында оюн дүйнөсү менен алака түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат. Оюн АКШнын ойдон чыгарылган Сан Андреас штатында орун алат. Ал көбүнесе Калифорния менен Невадага негизделген. Сан Андреас штаты үч метрополитен шаардан турат. Алар: Лос Анжелеске негизделген Лос Сантос, Сан Франициского негизделген Сан Фиерро жана Лас Вегаска негизделген Лас Вентурас болуп саналат. Бир оюнчуга негизделген оюн Карл "CJ" Жонсондун окуясына оюнчуну жетелейт. Ал апасы киши колдуу болгондон кийин Либерти Ситиден Лос Сантостогу үйүнө багыт алган болот. Карл өзүнүн эски досторун жана үй-бүлөсүн баш аламандыктын арасынан табат. Оюн өнүгүшү менен ал өзүнүн эски кески тобун кайра түптөгөнгө аракет кылат жана паракор тартип сакчылары менен тирешип олтуруп акыр-аягында апасынын киши колдуу болгонунун артындагы чындыкты ачып чыгат. Оюндун мазмуну Лос Анжелестеги бир канча чыныгы окуяга, анын ичинде Кандар, Майыптар жана Испандар көчө кески топторунун ортосундагы атаандаштыктарга негизделген. Андан тышкары 1980-жылдардагы кокаин эпидемиясы, Рампарт жаңжалы, 1992-жылдагы Лос Анжелес козголоңу да камтылган.

Сан Андреас OS X, Xbox Live, PlayStation Network жана мобилдик түзмөктөр (iOS, Android, Windows Phone жана Fire OS) сыяктуу башка ар кандай платформаларга көчүрүлгөн.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү