HTML5 (англ. HyperText Markup Language, version 5) - дүйнөлүк желенин мазмунун структуралоочу жана көрсөтүүчү тил. Бул HTML'дин бешинчи версиясы. Стандарт (колдонуу сунушталган версия) 2014-жылы гана бүтсө да (мурдагы, төртүнчү версия 1999-жылы жарыяланган), 2013-жылы эле браузерлер оперативдүү колдошчу, иштеп чыгуучулар жумуш стандартын колдошкон (англ. HTML Living Standard). HTML5'ти өнүктүрүүнүн максаты - дароо кери шайкештиги сакталган мультимедия технологияларын колдоо деңгээлин, коддун адамга жеңил окулушун, парсердин анализдөөсүн жакшыртуу.

Дүйнөлүк желеде узак убакыт бою HTML 4.01, XHTML 1.0 жана XHTML 1.1 стандарттары колдонулуп келген. Веб-барактар иш жүзүндө аралаш өзгөчөлүктөр колдонулуп калыптанып кала турган. Бул өзгөчөлүктөр программалык продуктулардын өзгөчөлүктөрү, мисалы, веб-браузерлердин жана жалпы колдонулган иреттүү ыкмалардын өзгөчөлүктөрү. HTML5, HTML жана XHTML'дин синтаксистик нормаларын айкалыштыра алган бирдиктүү маркалоо тили катары түзүлгөн. Ал документтердин маркаларын кеңейтет, жакшыртат жана рационалдайт, ошондой эле, татаал веб-колдонмолор үчүн бирдиктүү API кошот.

HTML5 көптөгөн жаңы синтаксистик өзгөчөлүктөрдү ишке ашырган. Мисалы, <video>, <audio> и <canvas> элементтери, ошондой эле SVG жана математикалык формула колдонуу мүмкүнчүлүгү. Бул жаңылыктар сырткы API жана плагин колдонбостон графика жана мультимедия объектилерин түзүүнү жана башкарууну жөнөкөйлөтүү үчүн иштелип чыккан. <section>, <article>, <header> жана <nav> сыяктуу башка жаңы элементтер документтин (баракчанын) семантикалык мазмунун байытуу үчүн иштелип чыккан. Жаңы атрибуттар ошол эле максатта киргизилген, бирок бир катар элементтер менен артибуттар өчүрүлгөн. Кээ бир <a>, <menu> жана сыяктуу элементтер өзгөртүлгөн, которулган же стандартталган. API жана DOM HTML5'тин өзгөчөлүгүнүн негизги бөлүктөрү болуп калышкан. HTML5 калыптоо каталарын кайра иштетүүнүн айрым өзгөчөлүктөрүн аныктайт. Ошондуктан, бардык шайкеш браузерлер синтаксистик каталарды бирдей карашы керек.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү