Heineken Music Hall
Мюзик-холл «Хейнекен» (англ. Heineken Music Hall) — Амстердамдагы (Нидерланддар) концерттик зал, Амстердам АренА стадионунан жакын арада жайгашкан. Концерттерди өткөрүүдө колдонулуучу 3000 м² аянты менен Чоң залы бар («Кара коробка» деп дагы айтылат), батырымдуулугу 5500 адамга чейин. Андан сырткары 700 адамды батырган кичи залы да бар[1].
Heineken Music Hall | |
---|---|
| |
Жайгашкан жери | Нидерланддар, Амстердам, АренА Бульвар, 590 |
Түптөлүшү | 2001 |
Сайты | http://www.heineken-music-hall.nl/ |
Heineken Music Hall Викиказынада |
Мюзик-холл атайы поп-концерттер үчүн долбоорлонуп курулган. Бул жерде Бейонсе, Radiohead, Keane жана Pink[2] сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар өзүлөрүнүн концерттерин коюшкан. Бир нече рок-топтор дагы залды колдонуп келишет. Алардын ичинде ушул жерден Live from Amsterdam деген DVD концертин жаздырган Alter Bridge хард-рок-тобу да болгон. Мындан сырткары зал голландиялык Q-Dance компаниясы тарабынан өзүнүн, бир жылы бир жолу өтүүчү, X-Qlusive сериясындагы саамалыктарын өткөрүүдө колдонуп келишет. Комплекстин архитектору — Фриц ван Донген[3].
2012-жылы 27-февралда зал Еврокөрүнүү 2012 балдар ыр сынагын өткөрүлүүчү жайы катары жарыяланган[4].
Галерея
түзөтүү-
Имараттын көрүнүшү
-
Чоң зал
-
Концерт убагында
-
Чоң залдын жалпы көрүнүшү (Кара Жашык)
-
Кичи залдын жалпы көрүнүшү
-
Холлдун ички көрүнүшү
Эскертмелер
түзөтүү- ↑ Радиф Кашапов. Амстердам: Веселье разведено по каналам. Текшерилген күнү 28 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 19 -сентябрь (аяк оона) 2012.
- ↑ Amsterdam.info: Heineken Music Hall, Amsterdam. Текшерилген күнү 28 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 19 -сентябрь (аяк оона) 2012. (англ.)
- ↑ Cie.: Frits van Dongen (нидерландча). Текшерилген күнү 28 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 19 -сентябрь (аяк оона) 2012.
- ↑ Junior 2012 in Amsterdam on December 1. Европа телерадиоберүү бирикмеси (27 -февраль (бирдин айы) 2012). Текшерилген күнү 28 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 19 -сентябрь (аяк оона) 2012. (англ.)
Шилтемелер
түзөтүү- Ырасмый сайты Archived 2016-12-29 at the Wayback Machine (англ.)
- Heineken Music Hall (англ.)