LG G5 SE - 2016 жылдын 25-апрелинде Завидовдо LG Electronics компаниясы LG G5se үлгүсүндөгү жаңы смартфон жана LG Friends бир нече каражаттарын тартуулады. Иш-чарада негизги флагмандын өзгөчүлүктөрүн ээлеген LG X cam жана LG X view көрсөтүлдү. LG X cam - жазы калыптуу камера, ал эми LG X view - экинчи дисплейи. Суурума аккумулятор жана LG Friends кошумча каражаттары аркылуу смартфон санариптик камерага же Hi-Fi аудиоплеерге которулуп турат. Мындан тышкары LG компаниясы LG G5SE смартофонунун арт жагына 2 камераны орноткон: бирөөсү стандарттуу объективи 78 градус болгон, ал эми экинчиси LG смартфон тизмелердин эң максималдуу объектиси 135 градус болуп эсептелген камера.

Негизги мүнөздөмөсү түзөтүү

LG G5SE үлгүсүндөгү смартфондордун камерасы башка заманбап телефондорго караганда 1,7 жолу кенен, адамдын көзүнө салыштырмалуу 15 градуска жакшы тартат. Quad HD IPS Quantum экрандын диагоналы 5.3 болгон LG G5SE смартфонунда "Always-on Display" убакытты, даталарды жана кабар каттарды текшерип турган функция менен жабдылган. LG CAM Plus камеранын башкаруу модулу өчүрүү\күйгүзүү, алыстатуу\жакындатуу, фото-видео жаздыруу баскычтары бар. Мындан тышкары кесиптик санариптик фотоаппараттарда гана кездешүүчү LED индикатору бар. Мында сүрөттөрдө автофокус жана автоэкспозициясы автоматтык түрдө коюлат. Инновациялык LG Hi-Fi Plus аудиоплеери B&O PLAY менен биргеликте түзүлгөн. 32 бит Hi-Fi санариптик үлгү 384кГц/32 бит жогорку сапатта үндү чыгарат. LG 360 CAM понарамдуу камера 13 Мп объективи менен, 1200 мАч аккумулятор, жеке эс тутуму 4 Гб болгон, карта үчүн microSD жана 360 градусту камтыган панорама фото, видеолор бар.

Жаңы мүмкүнчүлүктөр түзөтүү

8Мп IP-камера LG Rolling Bot Wi-Fi аркылуу кошулуп, коопсуздук системи ишке кирет. Мында үй жаныбарларын кароодо жана турмуш-тиричилик техниканы башкарууда колдонууга болот. Робот топко окшоп тоголонуп сүрөткө, видеого тартып LG G5SE телефонуна жиберип турат.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү