The New York Film Critics Circle (NYFCC; кырг. сөзмө-сөз: "Нү-Йорктогу киносынчылардын коомчулугу") – 1935-жылы негизделген тасма сынчылардын америкалык уюму. Уюмдун коомчулугуна отуздан ашык Нү-Йорктогу күндөлүк жана жумалык гезиттердин, журналдардын жана он-лайн жарыялоолордун сынчылары кирет. Уюмдун мүчөлөрү ар бир жыл сайын декабрда бүткүл дүйнө жүзү боюнча бир жыл ичинде тасма тартуу тармагында көрүнүктүү жетишкендиктери менен New York Film Critics Circle Awards сыйлыгына татыган жеңүүчүлөрдү тандоо үчүн жыйынга чогулушат. NYFCC тасма тартуу өнөр жайына көрүнүктүү салым кошкон жазуучуларга, режиссерлорго, продюсерлерге, тасма сынчыларга, тасманы оңдоп калыбына келтирүүчүлөргө, тарыхчыларга жана тейлөө уюмдарга арналган атайын индивидуалдык сыйлыктарды да тапшырат.NYFCC сыйлыгы АКШдагы тасма сынчылар тарабынан ыйгарылган эң тажрыйбалу жана кадырдуу сыйлыктардын бири болуп эсептелет.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү