PubMed Central (PMC) – бул акысыз санариптик жай болуп саналат, ал биомедицина жана жашоо жөнүндөгү илимдер боюнча журналдарда жарыяланган жалпыга жеткиликтүү, толук тексттүү илимий макалаларды архивдештирет. Биотехнологиялык маалыматтардын Улуттук борбору (NCBI) иштеп чыккан негизги изилдөөчү маалыматтык базалардын бири катары PubMed Central жөн гана документтер сакталган кампа эмес. PMC ке киргизүү индекстештирүү жана форматташтыруу процедураларынан өткөзөт, ал ар бир макаланын депозитин киргизүүдө XML маалыматтарынын түзүлүшүнүн метабелгилеринин, медициналык онтологиясынын жана өзгөчө идентификаторлорунун өсүшүнө алып келет. PMC чегиндеги материалды NCBI нин бөлөк маалыматтар базалары менен байланыштыруу жеңил жана издөө системалары жана Entrez издөөсү аркылуу кирүүгө мүмкүндүк алса болот, бул коомчулукка биомедициналык билимдердин ушул портфелин эркин түрдө ачып, окуп, колдонуу мүмкүнчүлүгүн ого бетер жогорулатат.

PubMed Central кызматын PubMed менен алмаштырып алууга болбойт. PubMed биомедициналык шилтемелер жана тезистердин маалыматтык издөө базасы болсо да, PubMed жазмасы шилтөө жасаган толук тексттүү макала денелик жактан башка жерде жайгашкан. (Кээде басма сөздө, кээде интернетте, кээде акысыз, кээде жазылуучуларга акча төлөгөндөн кийин гана жеткиликтүү болгон жерде). PubMed Central – бул макалалардын акысыз санариптик архиви, ал каалаган веб-браузерден ар бир колдонуучуга жеткиликтүү боло алат. PubMed Central кызматынын бардык макалаларынын толук текстин кайталап колдонуу үчүн ар кыл жагдайында эркин окуганга болот.

2014-жылдын февралындагы абалына карасак, PMC архиви 2,9 миллиондон ашык макалаларды камтыган, ага салымдар басылмалардан же өз кол жазмаларын NIH коомго жеткиликтүү кылуу саясатына ылайык сактоочу жайына жөнөткөн авторлордон түшүп турат. Жакынкы маалыматтар боюнча өткөн жылы (2013-жылдын январынан – 2014-жылдын январына чейин) авторлор тарабынан жиберилген депозиттер бул 12-айдык мезгил аралыгында 103 000 документтен ашканын көргөзөт. РМС ошондой эле 4000 жакын журналды аныктап, азыркы учурда жарыяланган контенттерди РМС сактоочу жайына автоматтык түрдө киргизип койгонго жөндөмдүү жактары бар. Кээ бир катышуучу басылмалар өздөрүнүн макалаларын жарыялагандан белгилүү бир коюлган убакыт өткөндөн кийин гана PubMed Central системасына киргизишет, муну эмбарго мезгили деп аташат жана ал журналга карай бир нече айдан бир нече жылга чейин созулушу ыктымал. (Эмбарго көбүнчө алты айдан он эки айга чейин созулат)

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү