Ruby (англ. ruby - рубин, айтылышы ['ru:bɪ] - руби) - динамикалуу, рефлективдүү, интерпретациялануучу жогорку даражалуу программалоо тили. Операциондук системден көз карандысыз көп агымдуулук ишке ашырууга, катуу динамикалык типтештирүүгө, таштанды чогулткучка жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ. Синтаксиси Perl жана Eiffel тилдерине, объектиге багытталган ык-мамилеси Smalltalk'ка жакын. Ошондой эле, тилинин кээ бир өзгөчөлүктөрү Python, Lisp, Dylan жана Клу-дан алынган.

Тилдин чечмелөөчүсүнүн кайчылаш платформалык ишке ашырылышы толугу менен эркин болуп саналат.

Тарыхы түзөтүү

...

Философиясы түзөтүү

Объектиге багытталган программалоонун күйөрманы - Мацумото Perl'ден кубаттуу, объектиге багытталуусу Python'дон арбын тил жөнүндө кыялданган. Ruby'нин негизги милдети - жөнөкөй, ошол эле учурда түшүнүктүү программа түзүү. Мында программанын иштөө ылдамдыгы эмес, иштеп чыгуунун кыска мөөнөттүүлүгү, синтаксистин түшүнүктүүлүгү жана жөнөкөйлүгү маанилүү.

Негизги принциби - "аз күтүлбөстүк": программа программчы күткөндөй иштеши керек. Бирок бул принцип Ruby контекстинде тил менен таанышып жатканда эмес, кылдат изилдеп жатканда аз таң калуу дегенди билдирет.

Матсумотонун өзүнүн ырасташынча, анын иштеп чыгуудагы максаты программалоо учурундагы өзү үчүн күтүлбөстүктөрдү азайтуу болгон. Бирок, тил жайылгандан кийин программисттердин ой жүгүртүүсү окшошо экенин, көпчүлүгү үчүн "аз күтүлбөстүк" принциби өзүнүн принциби менен шайкеш келгенин таң калуу менен билген.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү