S&P 500, АКШда Standard and Poor's 500дн кыскартуу – 500 жергиликтүү компаниялар акциясынан турган фонддук рынок индекси.[1] Көптөгөн инвесторлор бул америкалык фонддук рыноктун эң жакшы көрсөткүчү деп эсептешет. Индекс алдыңкы 500 компанияны камтыйт жана жеткиликтүү рыноктук капитализациясынын 80%га жакынын жабат. Тажрыйбада 500 листинг компаниялардын ичинен көбү индекстин динамикасына чектелген гана таасирге ээ болот. S&P 500 акцияларынын он ири фонду 2021-жылдын июнунун аягында индекстин 26,6%га жакын жалпы салмагына ээ болду.[2]

S&P 500 индекси 1957-жылы түзүлгөн жана базалык акциялардын орточо салмакталган баасын пайдаланып эсептелет, ошондуктан кыйла жогору рейтингге ээ болгон акциялар индекстин жалпы баасына чоң таасир берет. Индекс 2005-жылдан баштап эркин жүгүртүүдөгү акциялардын санын эске алат.[3]

Компанияларды тандоонун негизги критерийи болуп, рыноктук капитализация саналат, бирок акциялардын өтүмдүүлүгү, өсүү темпи, компаниянын ишмердигинин түрү эске алынат.[4][5] Финансы секторунун, маалымат технологиялар жана энергетика секторлорунун акциялары индекстин дээрлик жарым баасын түзөт. Эгерде компания жогору көрсөтүлгөн талаптарга мындан ары шайкеш келбесе, ал токтоосуз жок кылууга алып келбейт. Индекстен жок кылуунун негизги себеби болуп сатуу же кошуу саналат.[6]

2003-жылдын башынан S&P 500 EWI индекси иштейт, анда бардык 500 катышуучу 0,2% тең салмакка ээ. Индекс квартал сайын туураланып турат.[7]

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. S&P 500. britannica.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  2. Top 10 S&P 500 Stocks by Index Weight. investopedia.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  3. Key dates and milestones in the S&P 500's history. reuters.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  4. How to invest S&P 500 Guide 2021. comparebrokers.co. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  5. Towards the Declassification of S&P 500 Boards. papers.ssrn.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  6. S&P 500 Changes. sandp500changes.whw1.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 23 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
  7. S&P; 500 Equal Weight Index. us.spindices.com. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 22 -август (баш оона) 2015.