"Since U Been Gone" - америкалык ырчы Келли Кларксондун Breakaway деп аталган экинчи альбомундагы экинчи (АКШ жана Австралияда биринчи) сингл.

Ыр 2005-жылдын ичинде ийгиликке жетишкен: 1 миллион копиясы сатылган, эң көп жүктөлгөн экинчи америкалык композиция болгон. Billboard Hot 100 жана Канада чартында экинчи орунду ээлеген. Келли Кларксон 2006-жылы "Since U Been Gone" үчүн "Мыкты аял поп вокал аткаруусу" номинациясында "Грэмми" сыйлыгын алган.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү